Пример HTML-страницы

Кочкордо жалгыз жүргөн кишини кызча шыңкылдап азгырган жырткычтар көбөйдү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкордо кийинки мезгилде чөөлөрдүн саны көбөйүп кеткендиктен айыл четине чейин келип, улуп-уңшуп, балдардын жүрөгүн түшүрүп, тоок, улак сыяктуу майда жандыктарды да жеп кеткен учурлар кездешүүдө. Аймактык кабарчы чөөлөрдүн жашоо тиричилиги, жаратылышка келтирген зыяны тууралуу иликтеп көрдү.

Мергенчилердин айтымында, чөөлөрдүн саны өтө эле көбөйүп кеткендиктен токой, саздарды байырлаган кекилик, чил, кыргоол, аңыр, өрдөк, ак куу, коен сыяктуу жандыктарды кырып, жаратылышка зыян алып келүүдө.

«Көл-Үкөк—Ак Илбирс» жаратылышты коргоо коомунун жетекчиси Таалай Осмоналиев: «Аңчылык департаментинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 3500дөн ашуун чөө бар. Кочкор районундагы токойдо эле чөөлөрдүн саны болжол менен 600-700гө жеткен. Алардын ар бири бир канаттуу жесе, бир күндө 3500 канаттуу жок болот. Ошол себептен чөөлөрдүн санын азайтып туруу керек .

Чөө атууга сыйлык акыны көбөйткөндө жырткычтардын санынын өсүшүнө кедерги болмок. Алар айылга чейин кирип келип, түнкүсүн мүрзөлөрдө түнөп жатышат. Жырткыч жандыктардын санын кыскартып турбасак, кутурма оорусу жайылып кетүүсү мүмкүн», — дейт.

Аймактык кабарчынын иликтөөсү боюнча Кыргызстанда чөөлөр союз тарагандан кийин кескин көбөйгөн. Союз мезгилинде өлкөнүн аймагында жоголуп кеткендиктен, 1975-жылдан тартып Кыргызстанда атууга жана кармоого тыюу салынган. Бирок кийинки мезгилде саны жагынан кескин көбөйүп кеткендиктен, алардын санын жөнгө салып туруу, керектүү сандан ашырбай кармап турууга туура келген.

Аңчылардын айтымында, чөөлөр Казакстан, Өзбекстандан ооп келишкен. Дүйнө жүзүндө чөөлөрдүн 4 түрү бар. Кадимки чөө (Азия чөөсү, Африка карышкыры деп да аталат), жабуулу чөө, жол-жолдуу чөө, Эфиопия чөөсү Африка, Азия, Европаны мекендешет.

Кыргызстандагы чөөлөр кадимки чөөлөр түрүнө кирет. Чөөлөр үйүр-үйүр болуп жашашат. Алар түнкүсүн аң уулап, 5-6дан топтошуп жем издешет. Итче улуп, жаш баладай чурулдашат. Улуу муундагы адамдар чөө түнкүсүн жалгыз жүргөн адамды улакча маарап, кызча шыңкылдап, балача ыйлап азгырып, чөөлөрдүн үйүрүнө алып барып, боорун эзип күлдүрүп, андан кийин жеп салат деп айтышчу.

Айрым маалыматтар боюнча, чөө күндүз да, түнкүсүн да жигердүү болуп, 500 чакырымга чейин же андан да ашык алыстыкка көчүп жүрүүгө жөндөмдүү. Январь-февраль айларында үйүгүшүп, баласын 62-64 күн көтөрүп, 3-9 чейин күчүк тууйт. Жыныстыгы 1-2 жылда жетилет. Бат көбөйүп, 5-10 чөөдөн турган үйүрдү (кээде 30га чейин) түзүп, 12-14 жылга чейин жашашат.

Ал акылдуу, куу, шамдагай жаныбар болгондуктан капкандарды айланып өтүп, оңой менен түшпөйт. Күндүз мергенчиге оңой менен көрүнбөйт. Токойлордун чытырман жерине жашынып алышат. Коркунуч болгондо ырылдап коргонушат. Текелерге аңчылык кылат. Алар кутурма, күйдүргү сыяктуу ооруларды алып жүрүүчү жандыктарга кирет. Ошол үчүн кол менен кармап, үйдө багуу коркунучтуу. Кутурганда адамды тиштеп алышы мүмкүн. Жөн учурда чоң малдарга, адамдарга зыян келтирбейт. Чөөлөрдү унаанын жарыгы менен түнкүсүн атуу оңой. Күндүзү оңой менен аттырбайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE