Пример HTML-страницы

Кара-кулжалык Б.Калыев балды көп чогулткан аарынын 2 түрүн багат. Ал таза бал алуунун сырын ачыктады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунун Биринчи май айылынын 66 жаштагы тургуну Беделбай Калыев бал аарыларды багат. Ал үй-бүлөлүк киреше булагына айланган балчылык тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Беделбай Калыевдин айтымында, бул иш атасынан калган.

«Атамдын бир туугандары да аары баккан үчүн ушул кесипти аркалап калгам. Бал аарыларынын жумушун айта турган болсок, бири шире таап, аны бал челекке жеткирсе, экинчилери аны уяларга куят. Үчүнчүлөрү уяларды тазалайт, төртүнчүлөрү канаттары менен желпип, бал челекти желдетет. Бешинчилери күзөтчүлүк кызмат кылып, душмандарды киргизбей, бал челектин оозун кайтарат. Ал эми алтынчылары личинкаларды тамактандырат. Булардын баарын жумушчу аарылар аткарышат. Эне аарылар болсо, эч кандай жумуш аткарбайт. Бал челекте жумурткалагандан кийин ал личинкалардан кичинекей аарылар өсүп чыгат. Мен аарынын карпат жана карника деген түрлөрүн багам. Булар абдан көп тукум берип, балды абдан көп ташуучу касиетке ээ», — дейт ал.

Ал сактоонун жол-жоболорун айтты.

«Балды туура сактоодо темир идишти колдонууга болбойт. Таза бал алууда дагы тез-тез башка уруктук алып келип, жыл сайын алмаштырып туруу керек. Алмаштырбай койсоң, барып-барып кичирейип кетет дагы бал азайып калат. Ошон үчүн аарылардын породасын алмаштыруу зарылчылыгы бар. Мындан тышкары бир көйгөйдү айта кетсем, биздин мамлекетте балды куйган атайын идиштер жок.

Быйыл балдарым жок болгондуктан 100 бал челекти 70 бал челекке азайтып койдум. 70 бал челектен 1 тонна 900 килограмм бал алдым. Анда дагы өзүм караганга убакыт болбой, башка балдарды каратып жаткандын натыйжасы. Анткени мындан сырткары Кара-Кулжа райондук суу чарбасынын башкы инженери болуп иштейм. Ал эми аарычылык чарбага иштеткен чыгым 120 миң сом болду. Учурда 1 кг балды 400 сомдон сатып жатабыз», — деди ал.

Ал балга кошулган кум шекер тууралуу буларга токтолду.

«Балга кум шекер бере бериптир» деген сөз бар эмеспи. Бирок чындыгында ушундай. Маселен, 1 кг кумшекерден 600 гр бал болот. Эгерде кум шекер бере турган болсоң, күнүгө бериш керек. Болбосо кошпош керек. Акыркы мезгилде кум шекердин баасы 95-100 сомго көтөрүлгөндүктөн шекер кошууну каалашпайт. Ал эми өзүм болсо кум шекер кошпойм жана элге таза бал сатып жатам», — деди ал.

Беделбай Калыев 4 баланын — 3 уул жана 1 кыздын атасы.

Балчылык тууралуу кеңештер жана Беделбай Калыевдин байланыш номуру маалыматтын жабык бөлүгүндө бар.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE