Пример HTML-страницы

Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын ачыктады

Акыркы жанылыктар

TurmushУКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев тажик тараптын өкүлдөрү менен жолугушуп кайтты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Ал өз сөзүндө ок атышууларды иликтөө боюнча комиссия түзүлгөнүн белгиледи.

«Тажикстандын Гулистан, Исфара шаарына барып, алардын жетекчилери менен жолугуп келдим. Саймумин Ятимов жана бардык күч структуралары менен жолугуп, ок атууну токтотуу боюнча чечимге келдик. Азыр Баткен облусунун губенатору, милиция жетекчиси, УКМКнын башчысы, Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары жана ИИМдин жетекчисинин орун басары болуп, биз тараптан да, алар тараптан комиссия түзүлдү. Азыр «Кызыл-Бел» чек ара заставасында «переходдо» ошол жерде ишти башташты. Милиция ишти баштады. Биз бардык жерлерге атышканды токтотуу боюнча команданы бердик. Дагы бир жолу айтып берейин. Биздин жарандарыбыз тынчсызданбасын. Ушуга чейин кагылышуулар болду. Эми кагылышууларды тез аранын ичинде, 1-2 сааттын ичинде толук бойдон токтотобуз деген ойдомун», — деди ал.

Окуя тууралуу:

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө Баткен районунун Эки-Таш участкасында тажик чек арачылары тарабынан ок атуу башталган. Саат 07:20да Баткен районунун Кызыл-Бел айылында ок атышуу башталган болчу. Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу орун алган. Баткен районунун кооптуу айылдарда жашаган тургундарын эвакуациялоо иштери башталган.

  • Алдын ала маалыматка караганда 4 аскер кызматкери жарадар болгон.

Тажик тарап буга катар эле Баткен районунун Паскы-Арык аймагында «Самаркандек» чек ара заставасына ок атышкан.

Тажик чек арачылары саат 08:15те Лейлек районунун Кулунду, Достук, Жаңы-Жер, Сада-1, Ак-Чечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарына ок атып баштаган. Аталган аймактардын тургундарын эвакуациялоо иштери башталган.

Тажик тарап танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонууда.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде жүрөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ок атышуудан Баткендеги ок атышуудан жабыркагандардын саны 42 адамга жеткенин билдирди.

  • УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жаткандыгын кабарлаган. Ага катар эле Тажикстандын аскерлери жөнөкөй жарандарды «тирүү калкан» катары пайдаланып жатканы белгилүү болгон.

Эвакуацияланган эл:

Бүгүн, 16-сентябрда таң эрте Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында башталган ок атышуудан улам тургундар эвакуацияланып жатканы белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Баткендин Кызыл-Бел, Көк-Таш айылынын тургундары унаалар менен коопсуз аймактарга кетип жатышат.

Лейлек районунун тургундары Раззаков шаарына кетүүгө аракет кылып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE