Пример HTML-страницы

Камчыбек Ташиев буздурууну талап кылган кафенин сүрөтү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунун четиндеги кафенин жери боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад шаардык «Кадастр» мекемесинин жетекчиси Эртабылды Ражапов билдирди.

Анын айтымында, аталган кафенин жери 1072 чарчы метрди түзүп, ал жеке жактарга сатылып кеткен.

«Учурда калаадагы стадиондун четиндеги жер боюнча биздин адистер тактоо жүргүзүп жатат. «Кадастр» мекемесиндеги маалымат боюнча, стадиондун артындагы жер жана сөз болуп жаткан кафенин 1072 чарчы метр жери буга чейин Жалал-Абад шаардык мэриясынын балансындагы муниципалдык жер болуп, 2008-жылы жеке жактарга берилип кеткен. Бүгүнкү күндө ал жер биздин базада имарат катары каттоодо турат. Тактоо иштери аягына чыкканда кошумча маалымат берилет», — деди Ражапов.

Учурда кафе иштебей турат.

Ал эми стадион жетекчиси Бакыт Рахман уулу буга чейин жер боюнча эч жакка кайрылбаганын айтты.

«2015-жылы калаадагы «Курманбек» стадионуна жетекчи болуп дайындалгам. Ошол жылдары стадиондун картасында анын аянты 3 гектар 70 сотых деп жазылган. Мен ошол аянтты гана карап иштеп келдим. Ал эми жеке жактарга өтүп кетти деген жерде буга чейин стадиондун ашканасы жайгашып, бирок ал 1990-жылдары эле башка тараптарга берилип кеткен деп уккам. Бирок ал тууралуу эч бир органдарга кайрылып көргөн эмесмин. Бул боюнча мэриянын тиешелүү кызматтары иш алып барат», — деди ал.

Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадиону акыркы жолу 2015-жылы реконструкцияланган. Анда стадиондун чыгыш жана түндүк тарабына жалпы 4500 отургуч орнотулуп, чуркоочу жолчолорго асфальт төшөлгөн.

Стадион 1967-жылы ашар жолу менен курулган. Ал 3,6 гектар жерди ээлейт. Стадиондо 4 миң 500 орун бар. 12 кызматкер эмгектенет.

——————————————————-

28-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионуна барып, курулуш иштери менен таанышкан.

План боюнча эл аралык талаптарга жооп берген футбол талаасы жана заманбап стадион курулат. Долбоорду демөөрчүлөр каржылап жатышат. Стадионго жалпысынан 40 млн сомдой акча жумшалат.

Текшерүүдө Камчыбек Ташиев стадиондун жеке менчикке берилип кеткен жерлерин кайра мамлекеттин менчигине алууну тапшырды. Ал стадиондун четинде турган кафе кимдики экенин сурап, аны бузуу керек экенин айтты.

«Тосмолорду аласыңар, сейил бакты кайра кайтарасыңар. Стадиондун мурдагы жерлери кайра мамлекеттин менчигине алынат. Бул кафе кимдики», — деп суроо салды Ташиев.

Ага кафе Бакиевдерге таандык экени айтылды.

«Бакиевдикиби? Кайтаргыла», — деген Ташиев мэрияга документтерди камдап, сотко кайрылууну тапшырды.

«Кафени бузасыңар. Бул жерде кафе болбошу керек. Бул жерде мурда ашкана бар болчу. Кайра ашкана курабыз», — деди Ташиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE