Пример HTML-страницы

Кадамжайдын Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жаңы башчы дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushШакиров Орозбек Мухтаридинович Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Болоткан Баяке уулу кол койду. Аким жаңы айыл өкмөт башчыны эмгек жамаатка тааныштырды.

Президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыгынын жана Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомуна ылайык, Кадамжай районунда административдик аймактык реформанын алкагында Үч-Коргон жана Чаувай айыл аймактары бириктирилип, Үч-Коргон айыл аймагы болуп аталды.

Буга чейин Бактыгүл Карабаева Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE