Пример HTML-страницы

Кадамжайда окуучулардын кафе-ресторандарда отурушуна тыюу салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-майда Кадамжай РИИБде район аймагындагы орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын коопсуздугун талкуулаган жыйналыш өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ага аким Кутпидин Шакиров, район аймагындагы 13 айыл аймактын башчылары, Айдаркен, Кадамжай шаарларынын мэрлери, райондун имамы Ибрахим Хайткулов, райондук прокуратура кызматкери Самат Сагыналиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозбаев жана район аймагындагы 83 орто мектептин директорлору катышты.

Жыйналыштын максаты — 25-май — Акыркы коңгуроо майрамында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугу камсыздоо, бүтүрүү кечесине мектеп окуучуларыны мыйзамсыз акча чогултуусун алдын алуу.

Кадамжай РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясы тарабынан район аймагындагы жаш өспүрүмдөр катышкан кылмыштар, укук бузуу фактылары боюнча видео баяндоо көрсөтүлдү. Жыйындын жүрүшүндө мектеп окуучулары коштоосуз өз алдынча уюшулуп экскурцияларга, тоолорго чыгуусунун алдын алуу, мыйзамсыз акча жыйнабоо, кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча талкуулар жүрдү.

2022-жылдын 4 ай аралыгында райондо жалпысынан өспүрүмдөр тарабынан 8 уурулук, 2 бейбаштык катталган. Ал эми өспүрүм катышкан 4 жол кырсыгы катталып, төртөө тең каза болуп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE