Turmush — Кадамжай районунда административдик-аймактык реформадан кийин жаңы айыл өкмөт башчылары дайындалды.
Маалым болгондой, учурда райондо 8 айыл өкмөтү, 2 шаар бар. Буга чейин 13 айыл өкмөтү, 2 райондук шаар бар болчу.
Жаңы жетекчилер:
Халмурза Досанов Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин Алга айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Алга, Кыргыз-Кыштак жана Совет айыл аймактары бириктирилип, Молдо Нияз айыл аймагы түзүлдү. Алга айылы административдик борбору болду.
Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Халмурза Досанов
Замирбек Максүтов Орозбеков айылы өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин да Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.
Административдик аймактык реформанын алкагында Орозбеков жана Көтөрмө айыл аймактары бириктирилип, Орозбеков айыл өкмөтү түзүлүп, Учкун айылы административдик борбору аталды.
Замирбек Максүтов
Бегали Ахмедов Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин Айрыбаз айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Административдик аймактык реформага байланыштуу Майдан жана Айрыбаз айыл аймактары бириктирилип, административдик борбору Айрыбаз айылы болду.
Бегали Ахмедов
Бактыгүл Карабаева Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жатат. Чаувай жана Үч-Коргон (Какыр, Калача жана Разъезд айылдарынан тышкары) айыл аймактары бириктирилип, Үч-Коргон айылын административдик борбор деп аныктоо менен Үч-Коргон айыл аймагы түзүлгөн.
Бактыгүл Карабаева
Абдыразак Бакиров А.Масалиев айыл аймагынын башчысы кызматында калды. Үч-Коргон айыл аймагынын Какыр, Калача жана Разъезд айылдарын бириктирилип, Кара-Дөбө айылын административдик борбор деп аныктоо менен А.Масалиев айыл аймагы түзүлгөн.
Абдыразак Бакиров
Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Маканбаев кызмат ордунда калды.
Жээнбек Маканбаев
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Артыкбай Айдаров кызмат ордунда калды.
Артыкбай Айдаров
// //Turmush
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргал Дыканов кызмат ордунда калды.
Жыргал Дыканов
Кадамжай шаарынын мэри Бакытбек Бегалиев кызмат ордунда калды.
Бакытбек Бегалиев
Бирлик айыл аймагынын Аэропорт участогу жана Кичи-Айдаркен айылы жана Алга айыл аймагынын Шак-Шак айылы Айдаркен шаарынын курамына киргизилип, мэр Алтынбек Мурзажанов кызмат ордунда калды.
Алтынбек Мурзажанов
- Баткен, Лейлек райондорунда, Баткен жана Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.