Пример HTML-страницы

Эльвира Жанболотова Нарын районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын районунун акиминин орун басары болуп Эльвира Жанболотова дайындалды. Маалыматты президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тастыктады.

Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы №61 тескемесине ылайык, Нарын районунда буга чейин социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары кызматында иштеп келген Орозказиева Анара Жээнбековна ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Анын ордуна Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-февралындагы №76 тескемесинин негизинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп Жанболотова Эльвира Бегалиевна дайындалды.

Жанболотва Эльвира Бегалиевна 1978-жылдын 3-январында Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

Билими:

— 1984-1994-жылдары Миң-Булак айылындагы А.Тыныбеков атындагы орто мектебинде окуган;

— 1994-1999-жылы Балыкчы шаарындагы укук жана менеджмент институтун экономист адистиги боюнча билим алган;

— 1999-2003-жылдары Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин финансы кредит адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолу:

— 2001-2009-жылдары Нарын облустук жөлөк пул чектөө жана төлөө борборунда адис, башкы адис;

— 2012-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө жетектөөчү адис, башкы адис жана аталган бөлүмдүн башчысы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE