Пример HTML-страницы

Эл ондогон унаалар менен үйлөрүнө кайтып келе баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-апрелде саат 15:00гө карата Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган 708 адам туруктуу жашаган ордуларына жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, өз алдынча туугандарыныкына жайгашкан 17799 адам өз алдынча үйлөрүнө келишти. Элди ташуу үчүн ӨКМдин 80ге жакын куткаруучусу, 3500 литр күйүүчү май, 200 комплект төшөк (матрац, шейшеп, журкан ж.б.) жана райондук жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 40ка жакын «Мерседес-Бенц Спринтер», унаалары тартылды.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 12-апрелде УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачылары Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Селкана жерлигинде кызматын өтөп жатканда куралдан ок атылганы белгилүү болгон. Ал эми чектеш аймакта тажик чек арачылары пайда болуп, алар кыргыз аскер кызматкерлерин көрүп, мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгын көздөй багытын улантышкан. Кыргыз чек арачыларынын токтоп, чек ара сызыгынан өз аймагына өтүү талабына тажик чек арачылары көңүл бурбай, чек араны кесип өтүп, Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдикте кирип кетишкен. Буга жооп кылып тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ок атышуу токтотулган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Тажикстандын 1 аскер кызматкери откон жаракат алган.

Миномет менен аткылоо:

Саат 21:17 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок чыгарышканы кабарланган. Кайрадан ок атышуу орун алып, 30 минутага жакын созулган. Кийинки орун алган ок атышууда кыргыз аскер кызматкери жаракат алган. Андан кийин тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштаган.

Элди эвакуациялоо:

Бул окуялардын кийин кыргыз-тажик чек арасында ок атылган аймакка жакын жайгашкан калктуу пункттардын тургундары коопсуз жайларга жайгаша баштаган.

Turmush басылмасына Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн айылдарынын биринин тургуну билдиргендей, минометтордон ок атуу башталганда аялдар менен жаш балдар коопсуз жайга жөнөтүлгөн. Эркектер мародерлук болуп кетпесин деп үйлөрүндө калышкан. Айылдыктар кайгуул уюштурулган.

  • Чек арадагы Достук айылы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө карайт. Бул айыл өкмөттө Арка, Борбордук жана Жаштык айылдары да бар.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Достук, Арка, Борбордук, Жаштык айылдарынын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылынын тургундары унаалар менен өз алдынча эвакуация болгон.

Облус жетекчисинин маалыматы:

Түндө Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев чек арадагы окуялар боюнча маалымат берген.

«Бүгүн саат 19:20 чамасында Лейлектин Селкана жергисинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда келишпестик чыгып, ок атылды. Тажик чек арачылары кыргыз чек арасына өтүп, кыргыз чек арачыларына баш ийбей коюшкан. Ошол кезде аларды асманга ок атуу менен токтотууга аракет кылышкан. Келишпестик чыгып, бири-бирине ок атышкан. Анын кесептенен Тажикстандын чек арачысы жабыркады. Ошол учурда 2 тараптан тең кошумча аскер кызматкерлери келип туруп, бири-бири ок атышуу күчөп кеткен. Биздин бир чек арачы октон жаракат алды. Учурда абал оор.

Азыркы учурда ок атышуу токтотулду. Биз Максат айылынан элди эвакуациялап чыгарганга аракет кылдык. Кырдаал көзөмөлдө турат. Дагы атышып кетпеш үчүн аракет кылышыбыз керек», — деди ал.

Ал эми Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, түзүмдүн өздүк курамы көтөрүлгөн «Айгайдын» негизинде башкармалыктын жетекчилиги менен биргеликте жерине барып, абалды турукташтырууга жардам берди. Баткен ОИИБдин башчысы Мурат Боронов Тажикстандын Согди ОИИБнин жетекчиси Абдулло Навджуанов менен чек арада жолугуп, эки элдин ортосундагы коопсуздукту сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Милиция кызматкерлери аталган аймактарда кайгуул күзөттөрдү уюштуруп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо.

Эвакуацияланган балдар жана аялдар:

Кечээ, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан улам эваукацияланган тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ саат 19:20 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде катталган кырдаалга байланыштуу жергиликтүү туугандар убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 644 жаран (53ү эркек, 246 аял, 345 жаш балдар) убактылуу пункттарына жайгаштырылган. Анын ичинен 50 тургун өз үйлөрүнө кайтышкан.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан облус аймагында 1700 орундуу убактылуу жайгаштыруучу 13 пункт даярдалган.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары Маргун жана Бешкент айылына жайгаштырылган. Ал эми Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы айылдарынын тургундары И.Раззаков шаарына, Эски-Оочу айылынын тургундары Лайли айылындагы убактылуу пункттарына эвакуацияланды.

Ал эми Баткен району боюнча Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылынын тургундары Ак-Татыр айылына, Ак-Сай жана Самаркандек айылынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына жайгаштырылган.

Үйлөрүнө кайта баштагандар:

ӨКМ бүгүн, 13-апрель саат 12:00гө карата Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташа баштагандыктан, айыл тургундары өздөрүнүн үйлөрүнө кайта баштаганын билдирген.

Маалыматка караганда, жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча эвакуацияланган 17 799 жарандын ичинен 8 687 адам туруктуу жашаган ордуларына кайтышкан. Ал эми ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек районунун 554 тургуну толугу менен Баткен районунда 33 жаран үйлөрүнө кетишти.

«Мындан сырткары 80ге жакын куткаруучу тартылып, 7 техника даярдыкта турат. Жарандарды ташуу үчүн райондук жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 44 автоунаа тартылды», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE