Пример HTML-страницы

Чүйдө жөө адамдын өлүмүнө күбө болушту. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-октябрда саат 19:25 чамасында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында жол боюнда бара жаткан жүргүнчүнү унаа сүзүп, ал кырсык болгон жерде каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, жөө адамды Кара-Балтадан Бишкек тарапка бара жаткан жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен. Унаага жем жүктөлгөндүктөн жай эле келе жаткан. Жол боюндагы жүргүнчүгө жакындап калганда ал адам капыстан унаанын алдына кирип кеткен. Айдоочу унааны токтотууга жетишпей, жөө жүргүнчү сүзгөн. Каза болгон адам болжол менен 45-50 жашта.

Кырсык болгон жерде райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери бар, тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE