Пример HTML-страницы

Бишкек—«Манас» эл аралык аэропорту жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүйдө ЖКККБнын кызматкерлери жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң качып кеткен айдоочуну колго түшүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 6-февралында саат 06:00 чамасында Бишкек—«Манас» эл аралык аэропорту унаа жолунун 14-чакырымында белгисиз айдоочу белгисиз автоунаа менен 1990-жылы туулган Д.А. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен.

Чүй облусунун аймагында 14-15-март күндөрү «Автоиздөө» аттуу рейддик иш-чара жүрүп жаткан учурда Сокулук РИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жол кырсыгына шектүү делген 1990-жылы туулган Т.у Д. аттуу жаран кармалып, Сокулук РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

«Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасы айып короого токтотулду.

Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE