Пример HTML-страницы

Баткендеги эки тургун телефон чалган адамга акча алдаткан

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, белгисиз адам Баткен районунун Самаркандек айылынын 50 жаштагы тургуну А.А.нын 15 жаштагы уулунун уюлдук телефонуна чалып, «Жездең болом, мен бирөөнү унаа менен койдуруп кеттим. Мага тезинен 120 миң сом акча котор» деп айткан. Жабырлануучу А.А. өзү жашаган айылдагы терминалдан 50 миң сом акча которуп, ал эми калган 70 миң сомду Баткен шаарындагы терминалдан которгондугун билдирип, 2023-жылдын 9-март күнү милицияга кайрылган.

Ушул эле жылдын 5-март күнү Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагынын 37 жаштагы тургуну С.З.нын телефонуна белгисиз жаран чалып, «Уулуңуз бирөөнү унаа менен түртүп алды, биз келишип алдык, ошондуктан тезинен 50 миң сом которуңуз» деп айткандыктан терминал аркылуу акчаны которуп, кийин сураштырса алданып калгандыгын билип, милицияга арыз менен кайрылган.

Бул фактылар Баткен жана Лейлек РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Баткен ОИИБдин жана Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, 17-март күнү Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын тургуну — мурда сот жообуна тартылган 20 жаштагы С.Р. кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE