Пример HTML-страницы

Баткенде А.Масалиевдин айкели демонтаждалып, ордуна А.Жайнаковдун айкели тургузулду 

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 30-декабрь күнү Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу жана аткаруучу Аппаз Жайнаковдун айкели тургузулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айкелди ачуу аземине мекеме-ишканалардын жетекчилери, маданият өкүлдөрү жана обончунун жакындары катышты.

Аталган музыкалык театрдын жанындагы Абсамат Масалиевдин айкели демонтаждалып, ордуна Аппаз Жайнаковдун айкели тургузулган.

Аппаз Жайнаков акын Түмөнбай Байзаков сөзүн жазган «Кыргыз жери» чыгармасына обон жараткан. Обончунун мындан башка элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан 60ка жакын чыгармасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE