Пример HTML-страницы

Баткен шаарындагы дүкөндөрдө мөөнөтү өтүп кеткен азыктар аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында жергиликтүү дүкөндөрдө санитардык текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери текчелерден мөөнөтү өтүп кеткен сүт азыктарын, торт, консерва, булочкаларды табышкан. Алар сатуудан алынып салынды.

Ошондой эле тамак-аш сакталган айрым кампаларда белгиленген нормалардын бузулушу аныкталып, сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейддин максаты — тамак-аштан уулануунун алдын алуу жана соодагерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE