Пример HTML-страницы

Ата-энеси «көз тийип, өлүп каласың» деп, окууга жибербей койгон Турсун апа 3 тыйын үчүн суракка чакырылган

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын 87 жаштагы тургуну Турсун Бердиматова китеп, гезит-журналдарды үзгүлтүксүз окуп жана сканворд толтуруп, көпчүлүктү таң калдырып келет. Ардагер апа менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзгөчө каарманыбыз Турсун апанын айтымында, окубаган китеби калган эмес.

«Мен китепти жаш кезимден бери үзбөй окуйм. Китеп окуганды аябай жакшы көрөм. Түгөлбай Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» дегенин, казактардын «Ботогөз» менен «Абай» китебин окудум. Төлөгөн Касымбековдун 8 томдук китебин, Чыңгыз Айтматовдун 7 томдугун, «Манас» эпосун бүт окудум. Кайсы китепти сурайсың? Мен окубаган китеп калган жок. Азыркы жазуучулардан Шайлообек Дүйшеевдин 3 томун окудум. Азыркы жазуучулардан жакшы жазганы эле Шайлообек. Жашырбай жазат. Чыныгы турмушту жазат. Мен ошол кездеги Сталин атындагы мектебинде (азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев) 10-класска чейин билим алдым. Сабакты жакшы окудум. Ар кимдин маңдайына жазганы болот экен. Нарындагы мугалимдик окуу жайга барып, окууга өтүп келгем. Ата-энем: «Көз тийип өлүп каласың» деп окууга жибербей койгон. Апам «сайма сай» деп колума сайма берип койсо, китепти бутумдун астына катып алып окуй берчүмүн. Илгери, борбор жактан бир журналист келип: «Жамиля» повести Чыңгыз Айтматовдун канчанчы томунда?» дейт. «Ботом, журналист болуп сен билбейсиңби?» десем, «ооба» деди. «Жамиля» повести 5-томунда, билип ал балам» дедим. Азыркыдай учур болгондо жазуучу болуп кетмекмин», — деди ал.

Турсун апа иштеген иштери, ишиндеги окуялары тууралуу айтып берди.

«Шырдак жасадым, курак курап, тор түйдүм, тор жоолуктарды түйдүм. Сайма, туштук сайдым. Көп эле иш кылдым, балам. Неберелеримди окутам деп 7 жыл шаарда жашап, көчөнүн боюна стол коюп, семичке, чылым саттым. Кудайга шүгүр. Өзүм 30 жылдан бери намаз окуйм. Биздин убагыбызда жаман болчу. «Кудай каякта, таап кел» дечү мугалимдер. Мени «атаң намаз окуйт экен» деп эчен чогулушта тургузду. Атам «Манас» эпосунан үзүндү айтчу экен. Атамды «Манас» эпосунан үзүндү айтасың» деп, республикага алып кетүүгө келишиптир. Ал учурда атам Үч-Кара-Сууда бригадир экен. Атам жумушуна карап барбай койсо, анын ордуна Молдобасан Мусулманкуловду алып кетишиптир», — деди Турсун апа.

Турсун Бердиматова каатчылык мезгилдеги кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.

«1945-жылдан 1955-жылга чейин каатчылык мезгилде жашадык. 1960-жылга чейин элдин жашоосу оңолгон жок. Кагаз-калем жок. Конторго барып, көрүнгөн жерге таштап койгон жазуусу бар кагаздарга жазчубуз. Калем жок. Кернейдин көөсүн кырып алып, сууга чылап, кайнатып, анан сыя кылып жазчубуз. Казандын түбүндөгү көө болбойт экен. Өкмөт эмнесин берет? Нанды араң таап жечүбүз. 3-класстан тарта машак тердик. Таза суу жок. Саздан суу ташып келчүбүз. Азыр силер Кудайга кусур кылбай, оокат кыла тургансыңар.

Азыркы жаштар сабак окуганды билбейт. Мектеп суук. Чым-көң жагабыз. Анысы дагы суу. Балабыз да. Кээде балдардын тумагын жагып жиберчүбүз. Жылыбайбыз, шүмшүйүп отурабыз. Бир күнү мугалим бир окуучуну «тур ордуңдан» деп сабак сураса, ал байкуш: «Эже, ордумду жылытып алдым эле, «2» коё бериңизчи» деп айткан. Ушундай кыйын заманда окудук. Азыр жыргал. Чайың белен, наның белен, мектеп жылуу, бардыгы жетиштүү. Анан, эмнеге окушпайт, билбейм», — деди ардагер апа.

Союз учурунда дүкөнчү болуп иштеп, 3 тыйын үчүн сотко суракка чакырылганын айтты.

«Биздин учурда жумушта талап катуу болчу. Мен дүкөнчү дагы болуп иштегем. Азыр дүкөнгө кирсең башка баа, эртең кирсең башка баа. Бир жолу дүкөнгө эки бала келип, момпосуй алган. Аларга таразанын бир жагына клёк коюп, тартып берчүбүз. Анан аларга клёк койбой, момпосуй тартып берип коюптурмун. 3 тыйын кемип калыптыр. 3 тыйын үчүн сотко суракка чакырып, 15 рубль айып пул төлөгөм. Азыр мыйзам жок, иштебейт. Илгери, мыйзам катуу болчу. Азыр үч бала отурса, түкүрө беришип, алдылары көл болуп кетет. Биздин убакта түкүргөндөргө айып пул салчу. Чөп чабыкка, тоют камдоого алып кетишчү. Жеңиштин (азыркы Кара-Бүргөн айылы) чиркейи кишини өлтүрүп коё жаздачу. Жеңишке чөп чапканга барчубуз. Түнөп чапчубуз. 1 мүнөт кечигип калсак, айлыгыбыздан кесип алчу.

Оңдоо-техникалык станцияда иштедим. Мага кампа башчылык жумушту дагы, чарба башчылык жумушту берип коюшуптур. Көрсө экөө эки башка жумуш, эки башка айлык төлөнчү экен. Мен эки жумушта иштеп, бир эле айлык алчумун. Анан кийин бухгалтерге «эй шүмшүк, сен мени эки жумушка иштетип, бир эле айлык берчү турбайсыңбы» деп айтсам, ал: «Ой эч нерсе болбойт» деп койду. Экинчи жумушумдун айлыгын ким алчу билбейм же бухгалтер башка бирөөгө жаздырып коюп, өзү алдыбы, ким билет. Абышкам ширетүүчү болуп иштечү. Кичүү уулум Талант атасын тартып ширетүүчү болуп иштейт», — деди китепкөй апа.

Калганын катталуу менен окуй аласыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE