Пример HTML-страницы

Ат-Башыда башкы прокурор Курманкул Зулушев сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунда Курманкул Зулушев «Ат-Башы районунун ардактуу атуулу» наамы берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 14-сентябрда Ат-Башы айылындагы «Чатыр-Көл» кинотеатрында башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана башкалар Ат-Башы районунун эли менен жолукту.

«Ат-Башы районунун ардактуу атуулу» төш белгиси менен күбөлүк башкы прокурор Курманкул Зулушевге казалчы Казыбек Маметемин уулунун акталышына кошкон салымы үчүн тапшырылды.

Казыбек Маметемин уулу 1901-жылы (айрым маалыматтар боюнча 1902-жылы) Ат-Башы районунун Чет-Келтебик жайлоосунда туулган. Атасы Маметемин бий болуп 10 жылдай иштеген.

Казыбек жаш кезинен эле жамактатып ыр чыгарган. Кийин, 1929-жылы кулактын баласы аталып, ата-энеси менен Оренбург шаарына (Орусия) сүргүнгө айдалган.

Казыбек Оренбург шаарынан бошоп келгенден кийин Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунда жашап жүрүп, Кытайга эл менен кошо качкан. Кийин мекенине келгенде советтик аскерлердин колуна түшүп соттолгон.

Казыбек Маметемин уулунун сөөгү кайсы жерге коюлганы белгисиз. Анын ырларына союз маалында тыюу салынган.

Казыбек Маметемин уулу 2022-жылдын 16-февралда Жогорку сот тарабынан акталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE