Пример HTML-страницы

Арпа жайлоосунда көбөйүп кеткен чегирткелер жок кылынды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунда чөптөргө зыянын тийгизип жаткан чегирткелерге дары себилип жок кылынды. Мындай зыяндуу чегирткелер облустун кайсыл жерлеринде бар экенин Нарын өсүмдүктөрдү химиялаштыруу коргоо жана карантин башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Оторбаев билдирди.

«2022-жылдын 26-27-июнь күндөрү атайын адистер жана Ак-Чий, Терек, Баетов, Коңорчок айыл өкмөттөрүнүн башчылары болуп Арпа жайлоосундагы 7400 га аянтта зыяндуу чегирткелерге каршы изилдөө иштерин жүргүздүк. Натыйжада 6020 га аянтты химиялык иштетүү зарылчылыгы аныкталган. 3-4-июль күндөрү атайын техникалардын жардамы менен зыяндуу чегирткелерди жок кылуу иштери жүргүзүлдү.

Учурда башка жерлер да изилденип жатат. Чыгып калса, дарыланып жок кылынат. Азыркы убакта зыяндуу чегирткелерге карата эч кандай кооптонуу жок экендигин билдиребиз. Зыяндуу чегирткелер буга чейин Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунун жайыттарында кездешип турчу. Акыркы 3-4 жылдан бери 3000 метрден бийик Арпа жайлоосунда чыга баштады.

Башкармалыктын адистери тарабынан өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөргө каршы изилдөө иштери жүрүп, аларды жок кылуу үчүн дыйкан-фермерлерге кеңештерин берип келишет», — деди ал.

Кубанычбек Оторбаев кошумчалангандай, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жок кылуу иштери мамлекет тарабынан каржыланат.

Буга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосунда зыянкеч чегирткелер көбөйүп жаткандыгын аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE