Пример HTML-страницы

«Алдыңкы тажрыйба» борборундагы заманбап жабдыктар көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushС.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык-экономикалык колледжинин базасында өткөн жылы Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен «Алдыңкы тажрыйба» борбору ачылган. Аны менен бул окуу жайда төрт багыт боюнча билим алган студенттердин теория менен практикалык ишти айкалыштырып окуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Аталган борбордо жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн атайын пресс-тур уюштурулду. Анда журналисттерге борбордун иши тууралуу маалымат берилип, эмгек рыногунда керек болгон адистерди даярдоогу практикалык көндүмдөр менен иш алып баруу тажрыйбалары тааныштырылып, долбоор тууралуу маалымат берилди.

Билим берүү жана илим министрлигинин «Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун менеджери Нурлан Атаканов өлкөнүн экономикалык өнүгүшү түздөн-түз кесиптик билим берүүгө байланыштуу экенине токтолуп, министрлик бул багытта көп иштерди аткарып, өзгөчө маани берип жатканын айтты.

«Долбоордун алкыганда өлкөнүн сегиз жогорку окуу жайынын алдында “Алдыңкы тажрыйба” борбору уюштурулган. Бул борборлордун негизги максаты — окуп жаткан студенттерге заманбап окутуу программаларын сунуштоо. Бул жерде студенттер теориялык гана билим албастан санарип ыкмаларды колдонуп, билимин практика менен айкалыштырып окуп жатышат. Ал үчүн борбор алдыңкы санарип шаймандар менен толук камсыздалды.

Ал эми колледждин электро камсыздоо, ветеринария, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, автоматташтырылган системаларды программалоо багыттары боюнча сабак берген окутуучулар долбоор аркылуу квалификациясын жогорулатышкан», — деди ал.

«Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоору аркылуу НМУда ачылган борборго 84 миллион сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Анда окуу жайдын Ак-Коргон чөлкөмүндөгү корпусунун жанындагы 1983-жылы курулган имарат реконструкцияланган. Ошондой эле ветеринар, технолог жана энергетика багытындагы адистердин практикалык окуусу үчүн заманбап үлгүдөгү лабораториялык жабдыктар, жугушсуздандыруучу, рентген, УЗИ аппараттары алынган. Ошондой эле, эт азыктарын иштете турган чакан цех да курулуп, толук жабдылып, студенттерге теориялык билимин практика жүзүндө окутууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Буга чейин теорияны практика менен айкалыштырып окутууга мүмкүнчүлүк болгону менен лабораториялык жабдыктар жетишсиз болгон.

Учурда цехте чүчвара даярдалып, килограммы 320 сомдон сатылууда. Эми бул цехте даярдалган чүчвараны базарга сатыкка чыгаруу үчүн дүкөндөр менен сүйлөшүлүп жатат.

Колледжде күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө 600 студент билим алат. Аларга агрардык, экономикалык жана техникалык багытта 12 адистик боюнча билим берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE