Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын акушери Б.Жунусалиева өнөктөштүк төрөткө биринчи жолу кирген кишинин жоругун унутпайт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Бактыгүл Жунусалиева 33 жылдан бери райондук ооруканада улук акушер болуп эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Өмүр жолу

Жунусалиева Бактыгүл Алтымышовна 1970-жылы 20-февралда Баетов айылында туулган. 1977-1987-жылдары М.Ломоносов (азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев) атындагы орто мектебинде, 1988-1991-жылдары Нарын медициналык окуу жайынын акушердик бөлүмүндө билим алган. Ал ортодо 1987-1988-жылдары райондук ички иштер бөлүмүнүн паспорт бөлүмчөсүндө эмгектенген. 1991-жылдан бери Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмүндө улук акушер болуп эмгектенип келет.

Атасы Атасы Алтымыш Жунусалиев айдоочулук кесипти аркалап, апасы Кайыпкан Эсенгулова сатуучу болуп эмгектенген. Үй-бүлөдө 5 бир тууган. 1987-жылы Таштанбек аттуу жигитке турмушка чыгып, 3 балалуу болушкан. Тилекке каршы, күйөөсү 2015-жылы каза болуп калган. Учурда 3 баласы, 5 небереси бар.

Кичинекей эмчи айым

— Мен бала кезден эле ак халат кийип, таптаза болуп жүрсөм деп тилек кылчумун. Балдарга «манту» деп эмдөө жүргүзүшчү эле го. Мен дагы балдардын колуна байчечекейдин «сүтүн» сүртүп, кичинекей жыгачтарды ийне кылып сайып, өзүмчө эле дарыгер болуп ойной берчүмүн. Чоңойгон сайын энелерге, балдарга жардам бергим келип, дарыгер болуу кыялым өркүндөй берди. Ошентип жүрүп окууга тапшырып, 1991-жылдын март айынан баштап ушул кезге чейин акушер болуп иштеп келем. Ушул мезгилге чейин бир канча баланын киндик энеси болуп, бир канча эненин алкоосун, батасын алдым. Бизде дарыгерлер аз болгондуктан, дарыгерлик милдетти дагы кошо аткарып, бир нече энени өлүмдөн сактап калдым. Жаш акушерлердин устаты болдум.

Кыйналыш менен кубаныч

— Төрөт маалында келиндер патология болуп же төрөттөн кийин кан кетип жаткан учурда дарыгерлер жаныбызда жок кезде кыйналып кетебиз. Эгер төрөт учурунда тиешелүү дарыгерлер болуп турса, бизге жеңил болот. Алар жок болуп, жалгыз болсоң, эне эсин жоготуп же баласы кыйналып жатса, эне-баланы коргоп калсам экен деп, «кудайлап» жиберебиз. Жетише дагы албай кетебиз. Кыйналып төрөгөн аялдын баласы дагы кыйналып төрөлөт. Ал эми кубанганыбыз, ошол эле эне-бала сакайып кетсе, бир күнү көчөдөн жолугуп калышса, аябай кубанып калабыз.

Нарын шаарына жиберүү нааразычылыгы

— Негизи министрликтин клиникалык протоколунун негизинде биздин шартта физикалык жактан өзү төрөй ала турчуларды гана алышыбыз керек. Ал эми, жанагындай 2-баскычтагыларды Нарын шаарына кетиребиз. Нарын болсо, андан жогору жакка жиберишет. Муну айрымдар түшүнбөй эле «Нарын шаарына эле жибере беришет» деп нааразычылык айтып калышат. Нарынга жиберилип жаткан аялдар жөн жиберилип жаткан жок. Ар кандай оорулары болот же мурун операция жолу менен төрөгөндөр болот. Учурда кош бойлуу келиндерде бөйрөк оорулары, аз кандуулук көп болгондуктан төрөт учурунда ден соолуктарында көйгөй жаралат.

Волейболчу акушер

— Жаш кезде «Ыр кесе», «Кыз-жигит», «Мыкты эмчи айым» деген сыяктуу жана башка маданий сынактарга катышып, сахнада ырдап, бийлеп жүрчүмүн. Спорттун волейбол түрүн жакшы көрөм. Жакшы көрмөк тургай, команда менен мелдештерге катышып ойноп жүрдүм. Азыр жумуштамын. Көп катышпай калдым. Мындан тышкары, курак курап, сайма сайып, айтор кол өнөрчүлүк менен дагы алектенип калган учурларым болду. Учурда өзүм дагы көп ооруп, убактымдын бөлүгүн ден соолугума жумшайм.

Өлүмдөн калган эне-бала

— Бир жолу Кочкордо бир келиндин тону эрте ажырап, операция жасалып, бирок кан көп кетип, каза болуп калга. Бир күнү дал ушундай кырдаал менен бизге бир келин келиптир. Аны операция жолу менен төрөтүүгө мажбур болушат. Бирок, тону эрте ажырап, маткасынын артында чоң гематомасы бар экен. Маткасын алалы дешсе, артындагы кандан коркушуп, кан куюшуп, Нарындан реанимобиль чакырып, айтор бир топко чейин алпурушуп жатышыптыр. Мен ал кезде ургенттик донор болуп, үйдө элем. Мени үйдөн алып келип, канымды жылуулай куюшту. Ошентип, эне-бала бул жактан эле дарыланып, аман-эсен чыгып кетти. Бир күнү эле башкы дарыгер чакырат. Барсам, баягы келиндин туугандары: «Биздин келинибиз 3 эле бала төрөдү, дагы төрөмөк. Эмне үчүн жатынын алып салдыңар?» деп арызданып келиптир. Башкы дарыгер мага «историясын алып келе калыңызчы» деди. Анан историясын алып келип, кандай болгонун, эмне болгонун бардыгын айтып бердим. Айтып берип жатсам, бир тууганы бышыктап ыйлап жатат. Башкы дарыгер чочуп кетип: «Эмне болду байке?» десе, мен: «Жатыны алынып калды деп коём, жатыны эмес, өзү өлүп, балдары жетим калмак турбайбы. Мен түшүнбөстүктөн келиптирмин, мунун баарын билген эмесмин. Айрым бирөөлөр: «Эмнеге келиниңдин жатынын алып салат» деп мени тукура беришкен тура. Көрсө бардыгы башкача болуп, сиздер келиним жана неберемдин өмүрү менен күрөшкөн турбайсыздарбы. Кечирип коюңуздар» деп кетти. Мындай окуялар көп эле кездешет.

Өз каны менен өмүр сактап калган

— Бир кезде дарыгер жок. Бир жолу акушерка телефон чалып: «Эже болуңуз, келе калыңызчы» деди. Барсам, кош бойлуу келиндин жатыны түшүп калыптыр. Реаниматологго «жалпы наркоз бериңиз» дедим. Колум менен жатынын калыбына келтирдим. Ал келинден 3 литр 600 грамм кан кетип, кайра кан куюп, айтор келиндин өмүрүн сактап калдык. Ошондо өзүм дагы донор болгондуктан, менин дагы каным куюлду. Ал кездеги учурду элестетсең, шумдук эле болгон. Кан кечип иштечүбүз. Андан соң, реамобиль келип, Нарын шаарына алып кетишти. Ошол жактан дарыланып келди. Ошол үчүнчү баласы болчу. 2023-жылы ошол келин бизге келип, төртүнчү баласын төрөп кетти.

Аялы менен кошо толготкон киши

— Өнөктөштүк төрөт деп, келиндердин күйөөлөрүн кошо төрөткө киргизип калбадык беле. Бир жолу бир келин келип, төрөткө күйөөсүн кошо киргиздик. Аялы толготуп, ыйынып жаткан. Күйөөсүн карасам, ал дагы аялы менен кошо ыйынып жатат. Анан калса тердеп алыптыр. Бир убакта баласы чыкканда бакырып жиберди. Анан бизге «экинчи аялыма катуу сүйлөбөй калайын, төрөт аябай кыйын турбайбы» деп кеткен. Азыркыга чейин аялын сыйлайт. Аялы мага жолуккан сайын «ошондо күйөөмдү ырас эле киргизип коюптурсуз. Күйөөм суу көтөрбөй эле кой, антпей эле кой, минтпей эле кой деп, оор иштерди өзү жасап калды» дейт.

Эмгектин акыбети кайтты

— 2008-жыл. Ал кезде доллардын курсу 40 сом эле. Ал учурда төрөт бөлүмүнүн эмеректери, жабдыктары абдан эски болчу. Бир жолу Азия өнүктүрүү банкынын «Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» долбооруна долбоор жазып, 10 миң доллар утуп алдым. Биздин акча менен 400 миң сом. Бул каражатка бөлүмгө керектүү ар кандай жабдуулар, жумшак эмеректер алынып келди. Ошол эмгегим үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын ардак грамотасы менен сыйлангам. Мындан башка, «Кыргыз Республикасынын ардактуу донору», «Ардактуу Умай эне», «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» наамдары жана райондук, облустук сыйлыктар менен сыйлангам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE