Пример HTML-страницы

Ак-Талаада 2 күнгө созулган спорттук мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды (тизме, сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында 2 күнгө созулган спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 7-апрель — Элдик революциянын баатыры Адилет Карасартовдун жаркын элесине арналып, спорттун футбол, волейбол, кыргыз күрөш жана 42 килограмм салмактагы чоюн көтөрүү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Спорттук иш-чара 7-8-апрель күндөрү Адилет Карасартов атындагы сейил бакта достору тарабынан уютурулду. Мелдештин жалпы байге фонду 70 миң сомду түздү.

Волейбол оюнунун жеңүүчүлөрү:

— 1-орунду Жаңы-Талап айылынын «Куртка» командасы ээлеп, өтмө кубок, медаль жана 10 миң сом алышты;

— 2-орунду Тоголок Молдо айылынын командасы камсыздап, 5 миң сом жана медалга ээ болушту;

— 3-орунду Коңорчок айылынын командасы багынтып, 3 миң сом жана медалга татышты.

«Мыкты оюнчу» номинациясы менен Тоголок Молдо айылынын командасынын оюнчусу Санжар Туратбек уулу, Коңорчок айылынын командасынын оюнчусу Нурсултан Аманбек уулу, «Куртка» командасынын оюнчусу Бекжан Арыков сыйланып, диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Футбол оюнунда олжолуу орунга ээ болгондор:

— 1-орунду «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин командасы багынтып, өтмө кубок, 10 миң сом жана медалга ээ болушту;

— 2-орунду Жерге-Тал айылынын командасы камсыздап, 5 миң сом жана медаль алышты;

— 3-орунду Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы ээлеп, 3 миң сом жана медалга татышты.

«Мыкты чабуулчу» номинациясы менен «Тайлак баатыр» командасынын оюнчусу Калыс Шакиров, Жерге-Тал айылынын командасынын оюнчусу Актилек Эмилбек уулу, «Мыкты коргоочу» номинациясы менен Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасынын оюнчусу Майрамбек Асылбек уулу, «Мыкты дарбазачы» номинациясы менен Баетов айылынын командасынын дарбазачысы Кутман Нурлан уулу диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

42 килограммдык чоюн көтөрүү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

— 1-орунду Баетов айылынын спортчусу Нурлан Качкынбаев багынтып, 2 миң сом, грамота жана медаль алды;

— 2-орунду Ак-Тал айылынын спортчусу Чыңгыз Жамалов камсыздап, 1 миң сом, грамота жана медалга ээ болду;

— 3-орунду Баетов айылынын спортчусу Азамат Бактыбеков ээлеп, медаль, грамота жана 500 сом менен сыйланды.

Кыргыз күрөш боюнча 75 килограмм салмакка чейин;

— 1-орунду «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин балбаны Бексултан Токтобеков багынтып, медаль, диплом жана 1 500 сом,

— 2-орунду Баетов айылынын балбаны Кубаныч Жумабеков камсыздап, медаль, диплом жана 1 миң сом,

— 3-орунду Тоголок Молдо айылынын балбаны Арген Эдил уулу ээлеп, медаль, диплом жана 500 сом менен сыйланды.

75 килограмм салмактан жогоркулар арасында;

— 1-орунду «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин балбаны Иманбек Капарбеков багынтып, медаль, диплом жана 1 500 сом;

— 2-орунду Кара-Бүргөн айылынын балбаны Кубат Бообеков жеңип, медаль, диплом жана 1 миң сом;

— 3-орунду Тоголок Молдо айылынын балбаны Рахат Шаймерген уулу ээлеп, медаль, диплом жана 500 сом менен сыйланды.

Мындан тышкары кыргыз күрөшүнө калысы Азамат Барктабасов, волейболго калыстык кылган Гүлжаз Капарбекова жана футбол оюнуна калыстык кылган Талантбек Табылды уулу ыраазычылык кат жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE