Пример HTML-страницы

Ак-Сай өрөөнүндө тезек терген жаш келинди карышкыр талады

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү жаш келинге карышкыр кол салды. Маалыматты акимдин орун басары Болот Абдыжапаров тастыктады.

Окуя 15-март күнү болгон. Анда 2000-жылы туулган Айдай жалгыз тезек терип жүргөн.

«Айдай 3 баланын апасы. Топоз кайтарган чабандын келини экен. Тезек терип жүргөндө таштын жанынан карышкыр чыга калып кол салыптыр. Колдорун, буттарын, бетин тиштеген экен. Айдай жерден таш ала калып чаап баштаганда, тиги карышкыр качып кетиптир.

Бизге «Кынды» чек ара заставасынан телефон чалып, келин түнү менен ооруканага жеткирилди. Жабырлануучу азыр райондук бейтапканада, абалы жакшы», — деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE