Пример HTML-страницы

7 жылдан бери курулуп жаткан мектептин имараты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКеп Сосновка айылында жети жылдан бери курулуп жаткан мектеп жөнүндө болуп жатат. Бул 250 окуучуга ылайыкталган башталгыч мектеп. 2015-жылы имараттын курулушу башталып, биринчи кабаты тургузулуп, бюджеттин акчасы түгөнүп калгандыктан курулушу бир нече жылга токтоп калган. Курулуш былтыр гана жанданды. Бирок көпкө созулган жок. Тендерди утуп алган курулуш компаниясынын прорабы Турсунбек Суютбековдун айтымында, бул жолу республика чатыры менен шыбагына гана каражат бөлгөн. Калган жумуштарга каражат жок. Ал эми алдыда дагы көп иштер турат — ички жасалгалоо, терезе жана эшиктерди орнотуу, пол, курулуш иштеринин башка түрлөрү. Курулуш кайра бир нече жылга токтотулушу мүмкүн.

Мектептин курулушу ушундай темп менен улана берсе, быйыл окууга келген 1-класстын окуучулары 4-классты жаңы мектепти көрбөй бүтүрүшөт. Сосновска мектебинде жети биринчи класс бар, буга чейин мындай болгон эмес. Жаңы башталгыч мектеп быйылкы окуу жылына чейин бүткөрүлсө, анда көйгөйлөр чечилмек.

Мектептин директору Бегайым Рысалиеванын айтымында, билим берүү мекемесинде бүгүнкү күндө 1803 бала билим алса, долбоордук кубаттуулугу 900 балага эсептелген, башкача айтканда окуучулардын саны эки эседен ашат. Башкы корпуста класстык бөлмөлөрдүн жоктугунан орто класстар башка бөлмөдө, мурдагы мектеп-интернатта окууга аргасыз. Ал жакта 5-6-класстар окуйт, булар болжол менен 350-360 бала. Негизги мектепте дагы, интернатта дагы балдар эки нөөмөт менен окушат, антпесе баарына батпай калат.

«Эгерде жаңы башталгыч мектеп бүтүп калса, 5-6-класстар кайра негизги мектепке барып, мектеп-интернатта ызы-чуу салбай калышат. Бирок жаңы башталгыч мектеп ачылса дагы эки сменде окуйбуз, башка жол жок, балдар көп. Биз бир нече жолу кайрылып, мектептин курулушун бүтүрүп берүүнү суранганбыз. Курулуш былтыр кайра башталып, быйыл да уланууда. Куруучулар бизге кышка чейин же келерки окуу жылына чейин бүтүрөбүз деп убада берди. Азыр куруучулар интернатта жашашат. Ишти тезирээк бүтүрүү үчүн аларга бөлмө берилди. Балдарыбыз беш жылдан бери мурунку мектеп-интернаттын имаратында окушат, негизги мектепте орун жетишсиз. Биринчиден айылыбыз чоң, балдар көп, ички миграция, экинчиден төрөт жылдан жылга көбөйүүдө. Жыл сайын биздин мектепке алты биринчи класс келсе, быйыл жети болду.

Биздин мектепте окуу эки тилде – кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Орус класстар – 21, кыргыз – 38. Мугалимдер жетиштүү, бош орундар жок, бардык сабактар ​​окутулат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE