Пример HTML-страницы

7 баланын энеси — Миргүл Сыдыкова «Баатыр эне» төш белгиси менен сыйланды

Акыркы жанылыктар

Turmush6 уул, 1 кыздын энеси — кеминдик Миргүл Сыдыкова «Баатыр эне» төш белгиси менен сыйланды.

Каарманыбыз 1978-жылы 14-февралда Кемин районунун Шабдан айылында жарыкка келген.

«Веттехник Муктарбек Сыдыковдун үйүндө жарык дүйнөгө келгем. 1984-1995-жылдар аралыгында Шабдан ата атындагы орто мектебинде окугам. 1995-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин үзгүлтүксүз билим берүү факультетинин түркология бөлүмүнө кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими адистиги боюнча тапшырып, аны 2001-жылы ийгиликтүү аяктагам. Мектепте 1998-жылдан 2004-жылга чейин иштеп, дектреттик эмгек өргүүгө чыккам. 2010-жылы өз каалоом менен жумуштан кеткем. 2019-жылдын февраль айынан 2022-жылдын июль айына чейин байланыш түйүндүн Кеминдеги бөлүмүндө оператор болуп иштегем. Азыркы учурда үй кожойкесимин.

1996-жылы 23-ноябрда өзүбүздүн эле айылдын жигити — Бекназар Сатыбалдиевге турмушка чыккам. Жолдошум көп жылдан бери байланыш түйүнүндө кабельщик-спайщик болуп иштейт. Экөөбүз бири-бирибизди жактырып, андан кийин баш кошуп, жети балалуу болгонго жетиштик. Балдарымдын улуусу — Эркинай Сатыбалдиева 2000-жылы туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин химия факультетин аяктап, мугалимдик кесипке ээ болуп, жолдошу экөө бир кызды тарбиялап жатышат. Экинчиси — уулум Тынчтык 2002-жылы туулган. Бишкекте №4 кесиптик лицейди газ ширеткич жана сантехник адистиги боюнча аяктап, азыркы учурда жарнама борборунда иштейт. Үчүнчү уулум Сыймык 2007-жылы туулган, 9-класстын окуучусу. Төртүнчү уулум Шамил 2009-жылы туулган, 7-класстын окуучусу. Бешинчи уулум Умар 2011-жылы туулган, 5-класстын окуучусу. 2016-жылы туулган уулум Бек учурда башталгыч класска барып жатат. Жетинчи уулум Ахмад 2018-жылы туулган», — деди ал.

Миргүл айым жашоосундагы эӊ бактылуу жана эӊ кайгылуу көз ирмемдери, көп балалуу үйдүн түйшүгү жана эсте калган окуяларынан айтып берди.

«Жашоодогу эң бактылуу учур — биринчи балалуу болгон кез деп ойлойм. «Балам балалуу болгондо билесиң» деген сөз бар го. Анысы сыңары баланын жытына, кылыгына мас болгон учур — эң бактылуу көз ирмем экен.

Бир жолу 3 айлык кызыбыздын денесин эртең менен майда жаралар каптап кетти. Жолдошум жумушунда, мен жалгыз. Карап алып ыйлап жатсам, кайнежем келип: «Коркпо, үч күн жылуу кармасаң эле кетип калат» деп соороткон. Көрсө, ал жара бала чыйрыкканда чыгат экен. Азыр ошол кызыбыз Москва шаарында кыз төрөп, сүйүнүп жүргөн учурум. Аны көрүп, жолдошум экөөбүз өзүбүздүн алгачкы балалуу болгон кезибизди эске түшүрдүк.

Эң кайгылуу көз ирмемдердин бири — экинчи балабыз Тынчтыктын 3 айлык кезинен 2 жашка чейин ооруган кези. Болгону дарыгердин шалаакылыгынан бронхит болуп ооруп, күчтүү дарыларды берип, капельница алып, ошондо да айыкпай, күн-түн мышыкча кырылдап, кыйналган учуру эстен кетпейт. Анан Кеминдин эмканасында иштеген педиатрга туш болуп, ошонун сунушу менен аллергия боюнча борборго бардык. Ал жерден эң арзан дары менен айыкты. Азыр шүгүрчүлүк кылам, ал балабыз 20 жашка чыкты.

Бир же эки бала менен кыйналып жатам дегендерге түшүнбөйм. Болгону алар бала багуудан качып, өз кызыкчылыгын баладан жогору койгон адамдар деп ойлойм. Себеби ар баланын өз ырыскысы бар, колуңда барбы же жокпу, ал бала өз ырыскысы менен чоңоё берет», — деди ал.

Жубайлар көп балалуу болуунун жакшы жактары арбын экенин айтып, 1-2 баланы бага албай, кыйналдык дегендерге өз мисалдарын келтиришти.

«Биз жолдошум экөөбүз чогуу отуруп, маектешип калганда ар бир баланын өз орду, ар бирине тиешелүү мүнөзү, кыялы, кызыгуусу бар экенин айтып калабыз. Балдардын бирөөсү эле үйдө жок болуп калса же уктап калса, мүнөз-кыялына карап издеп калабыз. Ушунча балалуу болгонубузга шүгүр. Себеби, биз эч качан жалгыз калбайбыз. Балдарыбызды четинен уясынан учурганыбыз менен неберелерибиз алардын ордун толуктап турат деп үмүттөбүз.

Ал эми 1-2 балалуулар балдарын уядан учурганы менен ал балдары жумушка кирип, өз арабасын тартып, өздөрү менен алек болуп жүргөн учурда ата-эне жалгыз калат экен. Жалгыздык — мен үчүн абдан жаман сезим деп ойлойм.

«Сен муну кыл, тигинин баласын карачы» деген сөз менен тарбиялабайбыз. Себеби, ал сөз балага катуу тийиши мүмкүн. Анын ордуна «келгиле муну кыла коелук, андан кийин тигини кылып койсок, бошоп калабыз» дейбиз. Сыйлыгына каалаганын алып берип же эс алдырып келип, балдардын көңүлүн алып турабыз. Баланы барга да, жокко да көндүрүү, акча кандай эмгек табылары жөнүндө маалымат берип турабыз. Мисалы, быйыл айылда турганыбызга байланыштуу талаа иштерине балдарыбызды ишке чыгардык. Биринчи күнү кыйналып келишти. Бирок маңдай тери менен тапкан акчага ээ болушту. Тапкан акчаларына жараша максат пайда болду. Пайдалуу эмнеге коротсок деген ойго келишти. Ошентип ар бири 5 миӊ сомдон 10 миӊ сомго чейин акча таап, мектепке даярданышты. Анын ичинен бөбөктөрүн да унутушкан жок. Бул жакшы эмеспи, себеби биринчиден эмгекке көнүштү. Экинчиден акчанын оңой менен табылбаганына күбө болушту. «Агасын көрүп, ини өсөт» демекчи, күз күрөштө тегерек-четти тазалоодо да бири-бирине жардам беришет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE