Пример HTML-страницы

11 неберелүү Г.Моңолова интернеттен жаңы өнөр үйрөнүп, себеттердин түрүн жасап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushУчурда тургундар арасында себеттерди колдонгондор көбөйө баштады. Кээси белектерин өзгөчө кылып кооздоого алышса, кээси үйгө көрк берүү жана тойлорго колдонууга алышууда.

Мындан улам Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну Гүлжан Моңолова себеттерди жасоону өздөштүрдү. Ал себеттерди атайы кагаз, гезиттерден жасап келет.

Моңолова Гүлжан Кашкаевна 1962-жылы туулган.

«Негизи себеттерди көрүп абдан кызыкчумун. Анан бир жолу интернеттен ар кандай видеолорду көрүп отурсам, себет жасоону үйрөткөн видео чыгып калды. Абдан кызыгып, мен дагы жасап көрүүнү чечтим. Чындыгында оңой көрүнгөнү менен жасай келгенде кыйын эле экен. Башында окшошпой калып жатты. Жасаган түтүкчөлөр айрылып, себет кыйшык болуп калган учурлар болуп жатты. Анан «жаш кезде үйрөнсөм болмок, азыр жасай албайм окшойт» деген ойлор жетелей баштады. Бирок кайра бир аздан кийин аракет кылып жатып, себет жасоону өздөштүрүп кеттим. Негизи кыргыздын кыз-келиндеринин колунан баары келет. Жаштайынан жүн тытып, шырдак, жер төшөктөрдү жасап чоңоюшат. Ошондуктан бардык эле ишти алып кете алат. Болгону аракет гана керек экен. Бош отурган кезде интернеттен ар кандай видео көрүп гана убакыт коротпой, бир өнөрдү үйрөнүп калууга толук мүмкүнчүлүктөр бар экен», — дейт ал.

Анын айтымында , бир нерсени жаңы үйрөнүп жаткан адамга жакындарынын колдоосу гана жетиштүү.

«Жолдошум жакшы колдоо көрсөттү. Башында окшошпой калган кезде өзүнө болгон ишенич азая баштайт. Ошондо баары жакшы болорун, окшошсо, эң кооз болгонун айтып кубаттап, колдоп турчу. Анын арты менен азыр жакшы жасап, жаңыланууларды ойлоно баштадым», — дейт ал.

Себеттерди Гүлжан айым гезиттерден жасайт.

«Алгач гезиттерди кесип, андан кийин түтүкчө кылып ороп алабыз. Андан кийин боеп коебуз. Алар даяр болгондо түтүкчөлөрдү бириктирип токуп чыгабыз. Негизи токуган бат эле болот. Даяр болгон кезде лактап коебуз. Аны туура жерде кургатып алгандан кийин кооз себеттүү болуп калабыз», — дейт ал.

Гүлжан айым ушул ыкма менен гүл салган ваза, нан салган табак, жуунуучу ванналарга кийим салууга себеттердин түрүн жасап келет. Алгач аларды өз үйүнө гана кооздук үчүн жазаса, кийин жакындарына, курбу курдаштарына белекке бере баштаган. Алардан көргөндөр алып, кардарлары топтолду.

«Курбу кыздарым жасап сатууну сунуштап калышты. Анан бир-экини сатып, ошентип көнүп кеттим. Азыр өзгөчө формаларда жасайын деп дайым изденүүнүн үстүндө иш алып барып калдым», — дейт уз.

Себеттери 100 сомдон 700 сомго чейин бааланат. Анын ичинен тойго келген меймандарга чачыла катары алабыз деп кичинекей себеттерине суроо-талап жогору. Анын бири 100 сомдон башталат.

«Азыр жаңы төрөлгөн балага да белек салууга себет алып калышты. Кичинекей кооз кийимдерди ичине жарашыктуу кылып салып, белек кылышса, себеттер сонун көрүнүп калууда. Негизи кардарлар фантазиясына жараша ар кандай кылып колдонуп келишет. Мага сүрөт жиберишсе кубанып калам», — дейт ал.

Ошондой эле облустун ар аймагында, Бишкек шаарында өткөн жармаңкелерге катышып, элге эмгегин сунуштайт. Ал эмгегинин аркасында жергиликтүү бийликтин алкышына татыйт.

Жолдошу экөө эки кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн. Учурда 11 небереси бар.

«Уулу неберем 17 жашта. Ал кичинесинен тартып мага жардам берип, кошо кызыгып, себеттерди бирге жасап келебиз. Ар бир ишиме неберелерим кубанып, кубаттап турганы мага дем-күч берет. Алардын мактоосунан артык мага сыйлык жок», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE