Пример HTML-страницы

Өлүмүнө айыпталган жигит сотто эмне деди?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-сентябрда Ош облустук сотунда 22 жаштагы Медияна Талантбекованын өлүмүнө айыпталган жигиттин иши боюнча сот отуруму жылдырылды.

Кара-Суу райондук сотунун 2022-жылдын 28-июлундагы өкүмүнүн негизинде айыпталуучу Н.А. Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-7-пункттары (кош бойлуу аялды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, үй мүлкүн конфискациялоо менен 15 (он беш) жылга эркиндигинен ажыратылган.

Жактоочу жана маркумдун мыйзамдуу өкүлдөрү Кара-Суу райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратып берүүнү суранып, Ош облустук сотуна апелляциялык даттануу келтирген. Ошондой эле алар нааразычылык билдирип, Кара-Суу райондук сотунун алдына чогулушкан.

Бүгүнкү отурумда Медияна Талантбекованын мыйзамдуу өкүлдөрү — атасы жана эжеси окуя кандай болгонун айтып беришти. Ал эми айыпталуучу Н.А. күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна ала турганын айтып, «окуя болгон күндү эстегенде абалым жаман болуп кетип жатат» деген жүйө менен сөзүн жыйынтыктады.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу айыпталуучу алгачкы көрсөтмөсүндө кылмышын толугу менен мойнуна алганы дискте бар экенин айтып, аны көрсөтүүнү өтүндү. Бирок анын өтүнүчү канааттандырылган жок.

Жактоочу айыпталуучунун күнөөсүн толугу менен мойнуна коюу үчүн дагы 3 күбөнү чакырууну, сот отурумун кийинкиге жылдырууну суранды. Соттук отурум 30-сентябрга жылдырылды.

—————————————————-

Маркумдун атасы Талантбек Эргешов Turmush басылмасынын кабарчысына кызынын өлүмү тууралуу айтып берген. Анын айтымында, тергөөдөгү бүт далилдер бул оор кылмыш экенин аныктап бергенине карабай, айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылган жок.

«Кызым апасына ал бала менен сүйлөшүп жүргөнүн айткандан кийин 2 айдан соң өлтүрүлүп жатат. Аз эле убакыт мамиледе болушкан. Кызыбыз каза болгондо өзүбүздү жоготуп, пикир да бере албай турган учурда «кыз жигиттин үйүнө өзү барган» деген сыяктуу сөздөр чыгып кетиптир. Кызым 30-январь күнү «окууда сынак бар экен» деп менден акча сурап алган. Каза болгондон кийин ал күндү карасам, жекшемби экен. Эстесем ошол күнү колуна акча берип, «кызым, жакшы барып кел» деп узатыптырмын. Эч качан жакшы бар, жакшы барып кел деген эмесмин. Саат 08:15те жигити үйдөн алып кетип, саат 10:20да телефону биротоло өчтү. Жолдо бара жатып «Б. үйдөн акча алып алалы деп жатат, бир нерсе болсом, ушундан көрө бергиле» деген аудио жазууну бир тууган жээниме жибериптир. Кызымдын жанында сынакка деп чогулган 22 миң сомдон ашык акча бар эле. Бир күн мурун сумкасынан чачылып кеткенде көргөм.

Кызыма саат 16:00дө телефон чалсам, телефону өчүк. Апасы Орусияда эле, ага чалып, «мен усталар менен башка жактагы үйдөмүн, берки үйгө келсе, от жагып турсун» деп, ишке алаксып кеттим. Телефону өчүп, достору менен жүргөн го деген ой келди. Саат 18:00-19:00 чамасында балам чалып, достору издеп жатканын, кызым сынакка барбаганын айтты. Түнкү саат 23:00гө чейин үйдө күттүк, тааныштарга чалдык. Ошол арада жакындарым жигитине чалса, «көргөн жокмун» деп чогуу издешип жүрүптүр. Жээндерим, досторуна жиберген аудио жазууларда ыйлап, актер болуп «табылып калсынчы, мен да издеп жүрөм» деген. Саат 24:00дө милицияга барып, арыз жаздым», — деген ал.

Талантбек Эргешов айыпталуучу жигит кантип качканын да айтып өткөн.

«Кылмышкер Бирлешкен деген жердеги дүкөнгө кирип, бычак алганы камерага түшүп калган. Ал далил катары тиркелген. Кызымды үйгө алып баратып, жолдон эле эсин оодарып, бычактап койгон. Үйгө кызымды сүйрөп киргени кошунасынын видеокамерасына түшкөн. Алгачкы версиядагыдай, үйүндө урушуп кетип, анан бычактаган эмес. Тогуз жолу бычактап, кийимдерин, студенттик билетин кара баштыкка салып, ажатканага ыргыткан. Паспорт менен телефонун жок кылган.

Кызым кош бойлуу болуп калганын курбусуна «жигитим ушундай жаман иш кылып койду, менин суусундугума бир нерсе кошкон. Эми апама кантип айтам?» деп айткан экен. Аны жакында курбусу айтып берди. Жигитине айтса, «1 ай убакыт бер, үйдөгүлөр менен сүйлөшөйүн» дептир. Бүт жазышкандары телефондо бар. Акырында «апаңдын номурун бер, мен сүйлөшөйүн» десе, «1 ай убакыт бердиң эле го» деп жазышкандары сакталыптыр. Бул жигиттин ошол эле тайпадагы мурдагы сүйлөшкөн кызы кызыма «мени да алдап койгон, алданып калба» деген экен. Кийин мойнуна албай койду. Ошол эле тайпадан сентябрда бир кыз жоголгон, азыркыга чейин дайынсыз. Ата-энесине «Германияга кеттим» деп билдирүү жазган бойдон жок, чек арадан да чыккан эмес», — деген Талантбек Эргешов.

Окуя кыз жоголгон күндүн эртеси төмөнкүдөй уланган. Милиция Медиянанын атасын саат 11:00дө чакырып, кыздын телефону Ишкаванда саат 10:30да өчүрүлгөнүн айтып, окуя болгон жерге барышкан. Үйдөн аталган жигиттин таякеси чыгып, жигит жок экенин, түндө келгенде телефондо оюн ойноп жатканын айткан. Ал убакта айыпталуучу Н.Б. окуу жайга барып, сынак тапшырууга да жетишкен.

Жигиттин Орусиядагы апасына кабарланганда ал дароо Кыргызстанга жөнөгөн. Ошол убакта айыпталуучу унаасын «Достук» бекетине коюп, Өзбекстан аркылуу Орусияга апасына барып, бирок апасын таппай калган. Ошол жакта жүргөн убакта чек ара постторуна тосмолор коюлуп, 7 күн дегенде Москвадан Өзбекстанга келип конгон убакта ошол жактын ички иштер органдарынын кызматкерлери кармап, Кыргызстанга өткөрүп беришкен. Ыкчам кызматкерлер жигит Өзбекстан аркылуу Дубайга учууга камданып жаткан жеринен кармалганын айтышкан.

Талантбек Эргешовдун айтымында, 5 жолу сот отуруму өтсө, биринчи сот отурумга фамилиясы окшош башка эле жигитти алып келишкен. Андан кийин 2 жолу ооруп жатат деп соттук отурумга катышкан эмес. Психикалык абалы текшерилгенде жыйынтыгы таза чыккан. Айыпталуучу соттук отурумдарда түрдүү көрсөтмө берди.

«Алгач кызым изделип жатканда түнү ыйлап, баарына «мен бир жерге таштап коюп эле бир агай менен мончого кеткем» деп калп айтты. Андан кийин кармалганда «күрмөмдү чечип жатканда бычак тийип, кокус өлтүрүп алдым» деди. Соттук отурумда «жактоочумдан баш тартам, мен бир эле жолу бычак сайсам, бул 9 жолу сайылганды мага кошуп жатат» деди. Ошол жерден жактоочусу «менден башка эч ким сени актай албайт» деп кыйкырып, дагы деле коргоп жатты. Соттун чечими чыкканда прокурор өзү үшкүрүп жиберди. Биз баарыбыз өмүр бою кесилет деп күтүп жатканбыз. Тергөө, прокуратура, жактоочу баары бир ооздон «бул оор кылмыш, өмүр бою кесилет» деп жатышкан. Биз сотко ишендик эле», — деген ал.

———————————————————

Буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2022-жылы 8-февраль күнү Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы үйлөрдүн биринен 22 жаштагы кыздын сөөгү табылгандыгын кабарлаган. Кыздын өлүмүнө шектүү катары Ош мамлекеттик университетинин 24 жаштагы студенти кармалган. Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө өлтүрүлгөн кыз менен кыз-жигит мамиледе болгондугун айткан.

Милицияга Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 2000-жылы туулган кызы 2022-жылы 30-январда саат 09:00 чамасында үйдөн окуу жайга баруу үчүн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген. Дайынсыз жоголгон кызды табуу боюнча тергөө тапшырмалары берилип, тиешелүү багыттамалар бардык аймактарга жиберилген. Окуя боюнча күбө катары дайынсыз жоголгон кыздын жакындары, тааныштары суралган.

«2022-жылдын 30-январында саат 10:00 чамасында сүйлөшүп жүргөн кызым Т.М. менен жолугуп, аны менен өзүм жашаган үйгө келдик. Анан ошол жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, чырдашып кетип, урушуп кеттик. Ошондо менин ачуум келип, аны үйдөгү аш бычак менен сайгылап өлтүрүп салдым. Андан соң анын өлүгүн үйдүн жанына көмүп, сырткы кышкы кийимдерин, сумкасын сыртта жайгашкан ажатканага ыргытып жибердим. Анан ошол күнү окууга бардым да, эртеси 31-январда Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Россияга учуп кеттим», — деп көсрөтмө берген шектүү.

Шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде 8-февраль күнү саат 18:00 чамасында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылындагы үйдүн короосуна кароо жүрүзүлүп, үйдүн түндүк тарабы менен короонун дубалынын ортосунан болжол менен 35-40 сантиметр тереңдикте казылган чуңкурда дайынсыз жоголгон кыздын жансыз денеси казылып алынган. Өлүк дене ташталган чуңкур топурак менен көмүлүп, үстүнөн курулуш материалдардын таштандылары менен жашырылган абалда болгон. Шектүү өлүктү көмгөн жерди жактоочунун катышуусунда көрсөтүп берген. Өлүктү кароо учурунда анын денесинин үстүңкү бөлүгүндө 9 даана курч миздүү буюмдан келтирилген дене жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE