Пример HTML-страницы

Жумгалдыктардын жарлык чыккандан кийинки реакциясы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районундагы жашоочулар жаңы жарлык боюнча пикирин билдиришти.

* Президент Садыр Жапаров 24-февралда «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

* Жарлыктын максаты — Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо.

К.Акыев атындагы Жумгал музыкалык драма театрынын режиссеру Майрамбек Сагынбаев: «Мен бөлөктөр үчүн жооп бере албайм. Өзүм үчүн жооп берем. Бир кезде ашты бир чоң ирик союп, төрт казан күрүч басып эле өткөрүп коет деп айтчу элек. Бул эң туура да. Мына Жумгал районунда килейген устукан тартылат. Тойдогудай жылкы союлуш керек. Үч-төрттөн союлуп кеткен учурлар болот экен. Анан кыргыз намыс дегенде тура калат эмеспи. Артында эч нерсеси жок болсо да насыя алып, 1-2 жылкы ала коюшат. Анан кыйналып насыяны төлөш керек болот. Мен негизи жарлыкты колдойм».

Ал эми Чаек айылынын тургуну Рыскелди Караев: «Албетте, колунда жок кишилерге өтө кыйын болуп кетти. Бул жарлык деле туура. Бирок акыркы сапарга узатуу зыйнатына эл барбай калабы, топурак салбай калабы деп да чочуп кетесиң».

Чоң-Дөбө айылынан келген айылдын имамы Талантбек Калдыбаев учурда элдер жарлыкты туура кабыл алып, жандык сойбой, маркумду узатышууда дейт.

«Эми муну элдер жакшы кабыл алып жатышат. Биз дагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Болгону куда-сөөккө союп жатышат. Бирок ага да сойбогула деп түшүндүрүп жатабыз. Көпчүлүк «өлүк чыккан үйгө бара берелиби?» деп сурап жатышат. «Тамак үчүн эмес, аза-кайгысын тең бөлүшүп, топурак салууга баргыла» деп жатабыз. Бизде 3-4 күн мурун маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында жандык союлган жок. Үйдөн түтүн чыккан жок. Бир жакшы жери ушул да. Жумгалда жакшы салт бар. Өлүк чыккан үйгө тамак жасап алып келишет. Мен күбө болдум, 4 кошунасы тамак жасап беришти», — деди Талантбек Калдыбаев.

Ушул эле айылдын тургуну Света Усубакунованын айтымында, ал дагы бул жарлыкка каршы чыкпайт. Айрыкча тууган-урук, куда-сөөк арасындагы сыйлоо жөрөлгөлөрү эки жаштын, куда-сөөктүн ортосундагы пикир келишпестикти жаратып жатат.

«Президенттин жарлыгын туура деп эсептейм. Кээ бирөөнүн колунда бар, кээ биринде жок. Өзгөчө кыздар намыстанып, күйөөсүнө, кайын журтуна жаман көрүнүп, «меникилер минтишкен, эмнеге мындай болуп калды? деп чырдап, жаман-жакшы айтышып жүргөндөрүнө күбө болуп жүрөм. Андан көрө ата-энесин же туугандарын көзүнүн тирүү кезинде сыйлап, урматтап, жакшы жерлерге эс алдырып, жардам берип коюшса дейм», — дейт Усубакунова.

Миң-Куш айылынан келген Жумгалбек Кунасынов: «Көз карашыбыз туура эле. Азыр көп эле ысырапкорчулук көп болуп жатат. Өлүк чыккан жер чынында тойго айланып кетти. Андан алыс болуубуз керек. Ал эми жакшылык деген жакшы да. Жакшылыкта тыюу салынбай деле койсун. Ал элдин өздөрүнүн алына жараша».

Жумгал районунун акими Жамшит Матанбаевдин айтымында, учурда президенттин жарлыгына ылайык ар бир айылдарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү бийлик тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Алардын курамына имамдар, айыл өкмөт башчылары, мамлекеттик кызматкерлер, жаштардын өкүлдөрү, аялдар комитетинен киришкен.

«Жарлык боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп келебиз. Элдер туура кабыл алып жатышат», — дейт район башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE