Пример HTML-страницы

Жогорку сот «Эмаком» курган 12 кабаттуу үйдү буздуруу боюнча чечимди жокко чыгарды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку сот Ош шаарынын А.Маматсаков көчөсүнүн №226 дарегиндеги 12 кабаттуу үйдү буздуруу боюнча Ош шаардык жана Ош облустук сотунун чечимин жокко чыгарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, мындай чечим 2024-жылдын 26-мартында кабыл алынды. Иш кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга жөнөтүлдү.

Аталган көп кабаттуу үй «Эмаком» курулуш компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулган.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Эмаком» курулуш компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Жусупов Мелис Ромидинович. Компания 2019-жылы 12-февралда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак үйлөрдү куруу.

Мелис Жусупов — Ош шаардык кеңешинин мурунку депутаты («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы).

Мелис Жусуповдун бир тууганы Эмилбек Жусупов — Жогорку Кеңештин мурунку депутаты. 2024-жылдын 22-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясы Эмилбек Жусуповдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечимге депутаттын арызы негиз болгон. Э.Жусупов Жогорку Кеңештин депутаты болуп 2021-жылы «Ишеним» партиясынан шайланган.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош шаары боюнча архитектуралык-курулуштук контролдоо башкармалыгынын маалыматына караганда, «Эмаком» ЖЧКсы курулушту эч кандай архитектуралык уруксаты жок, өзүм билемдик менен баштап алган. Бул боюнча аталган башкармалык Ош шаардык сотуна доо-арыз келтирген.

Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 31-майындагы чечими менен 12 кабаттуу үйдү мажбур иретинде бузуп, баштапкы калыбына келтирүү милдеттендирилген. Шаардык соттун чечими 2023-жылдын 3-июлунда күчүнө кирген.

Ал эми 2023-жылдын 18-июлунда «Эмаком» ЖЧКсы апелляциялык даттануунун мөөнөтүн калыбына келтирүү тууралуу арыз жана апелляциялык даттануу менен Ош облустук сотуна кайрылган.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, Ош облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2023-жылдын 26-сентябрындагы аныктамасы менен «Эмаком» ЖЧКнын башкы директору М.Жусуповдун Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 31-майындагы чечимине апелляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү арызы канааттандырылган. Процесстик мөөнөт калыбына келтирилген.

Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 31-майындагы чечими өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган.

————————————————

2023-жылдын 10-ноябрында АКИпресс-Ошто Ош шаарынын А.Маматсаков көчөсү, №226 дарегинде жайгашкан 120 батирлүү көп кабаттуу үйдүн жашоочулары маалымат жыйын өткөрүшкөн. Алар өздөрү жашап жаткан үй боюнча Ош шаардык жана Ош облустук соту тарабанын бузулсун деген чечим чыкканын билдиришкен.

Толугу менен бул шилтеме аркылуу окуңуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE