Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздүн Ак-Кочкор айылында эмкана ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүздүн Ак-Кочкор айылында эмкана ишке берилди. Бул тууралуу Жети-Өгүз айыл аймагынын башчысы Турсунбек Иманбаев маалымдады.

«Ак-Кочкор айылында эмкана ишке берилди. Айылда 2000 миңден ашуун адам жашайт. Буга чейин эмкана болгону менен эскилиги жетип начар абалда эле. Жалпысынан 2 млн 500 миң сомго жумуш жасалып, акчасы Дүйнөлүк банктан жана жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Бул калктын ден соолугун чыңдоо багытында жүзгө ашырылды», — деди ал.

Жети-Өгүз айылынын дарыгери Анара Сыдыкова мекеме тийиштүү шарттары менен ачылып, 2 медайым иш менен камсыз болгонун кошумчалады.

Ушул эле күнү айылдын жаңы конушуна демөөрчүлөр тарабынан суу тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE