Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында башаламан соода кылган соодагерлердин орундары алынды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында жөө адамдар басуучу жолдо башаламан соода кылган 100гө жакын соодагердин орундары алынды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, калаанын Нагима Айтматова көчөсүндө жайгашкан борбордук базардын четине соодагерлер өз алдынча чыгып, соода кылууну адатка айланткан. Мындай көрүнүш калаа тургундарына ыңгайсыздык жаратып келчү. Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Сатаров буга чейин калаа бийлиги мында соода кылган жарандарга ишке кирүү алдында турган муниципалдык базардан орундар берилгенин айтты.

«Жалал-Абад шаарындагы борбордук көчөлөрдөгү тротуарларда соода кылган соодагерлерге байма-бай рейддерди уюштуруп жатабыз. Бүгүнкү күнү калаанын Н.Айтматова көчөсүндө жолго чыгып кеткен орундуктарды алып жатабыз. Эртеден бери 100гө жакын соодагердин орундуктарын алып, жөө адамдар басчу жолду кеңейттик. Буга чейин дал ушул борбордук базардын тегерек-четиндеги башаламандык калаа тургундарынын нааразычылыгын жаратып келчү. Эми эскертүү алган соодагерлер талапка баш ийбесе, мыйзам чегинде чара көрүлөт. Буга чейин мындагы соодагерлердин баарына муниципалдык базардан орундуктар берилген. Бирок эмнегедир ал жакка барбай жатат», — деди вице-мэр Н.Сатаров.

Калаа тургундарынын басымдуусу тротуарлардын тазаланып жатканын туура кабыл алышууда. Алардын бири Бактыгүл буларга токтолду.

«Мен күн сайын азык-түлүк сатып алуу үчүн дал ушул борбордук базарга келип кетем. Базарга кирчү жол, анын тегерек-чети соодагерлерге толгон. Бети ачык болгон азык-түлүгү деле, кийим-кече, жашылча-жемиш баары жол четинде арабада же атайын столдо сатылат. Соодагерлер жолго чыгып алгандыктан жол тар, 2 гана адам араң батат. Кечке жуук жумуш убактысы бүткөндө, эл кымгуут болуп батпай кетет. Азыр кеңири болуп калыптыр. Эми шаар бийлиги ушул бойдон көз салса жакшы», — деген ою менен бөлүштү шаар тургуну.

Жалал-Абад шаарында курулуп жатан муниципалдык базардын курулушу толугу менен аяктаган. Ага утурлай базарды айланып өттүү үчүн 10 маршруттук каттамдын багыттары өзгөртүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE