Пример HTML-страницы

Жалал-Абад облусунда паспортун алдырып, эмгек акысын ала албай калган 10 чет өлкөлүк жаран мекенине жөнөтүлгөн

Акыркы жанылыктар

TurmushЖыл башынан бери Жалал-Абад облусунун аймагында чет өлкөлүк жарандарды алып келип, иштетип, акчасын бербей, паспортторун алып койгон 4 учур катталды. Бул тууралуу «Аймира» коомдук фондунун кызматкери Нургүл Жолоева билдирди.

Анын айтымында, орун алган 4 учурда тең жабыркаган Өзбекстан Республикасынын 10 жараны облус аймагында курулушта иштеген.

«Өлкө эгемендүүлүк алган жылдары биздин жарандар иш издеп, Россия, Казакстан сыяктуу өлкөлөргө барып, паспортторун алдырып, эмгек акысын ала албай, кулчулукка кабылган учурлар арбын болчу. Акыркы 2-3 жыл аралыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы ачылып, ал жактын жарандары биздин өлкөгө кирип, иштеп жаткан учурлар арбын болууда. Алардын басымдуусу курулушта иштешет.

Быйылкы жылы коңшу өлкөнүн жарандары биздин облустун аймагына иштегени кирип, паспортторун берип, эмгек акысын өз убагында ала албай калган 4 учур орун алды. Анда 10 адамга биздин фонд тарабынан юридикалык жардамдар берилип, өздүгүн тастыктоочу документтерин алып, өз өлкөлөрүнө жөнөттүк. Мындай иш-аракеттер алдыңкы жылдары укук коргоо органдары менен биргеликте тыгыз ишке ашмакчы», — деди Н.Жолоева.

Өткөн жылы фонддун кызматкерлери Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен 30 жылдай Казакстанда кулчулукта жүргөн Жалал-Абад облусунун тургунун өз мекенине алып келип, жарандык берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE