Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө 31 жаштагы тургун тонолду (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында тоноо фактысы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-сентябрь күнү Каракол ШИИБге Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 31 жаштагы тургуну Т.Э. кайрылган. Ошол эле күнү таңкы саат 05:30 чамасында Каракол шаарынын борборунан жашы болжол менен 18-20 жаштагы эки бала аны эч себепсиз сабап, 16 миң сом акча каражатын, «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телфонун, капчыгын жана кийимин күч колдонуу менен тартып алышканын билдирген.

Арыз жазуу учурунда жабырлануучу өзүн жаман сезип, акыбалы начарлай баштагандыктан милиция кызматкерлери аны Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө тез жардам менен жеткиришип жаткырышкан.

Бул факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренисинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жарандарды аныкташып, колго түшүрүүгө үлгүрүштү. Алар — 19 жаштагы Каракол шаарынын тургуну С.Б. жана Ак-Суу районунун Тепке айылынын тургуну У.А. болуп чыгышты.

Алардан кылмышка тиешелүү далил заттар алынып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кармалган шектүүлөр, алгачкы суракта күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, Каракол шаардык сотунун чечими менен аларга карата тергөө мезгилинде 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE