Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында 73,5 млн сомго бала бакча курулат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Григорьевка айылында бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, имараттын пайдубалына капсула салуу аземине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун директору Самат Медеров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Курулуш иштери толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Тендердик баасы жалпы 73 млн 525 миң сомду түзөт.

Бала бакча 2 кабаттан туруп, 140 орундуу болмокчу. Ошондой эле бардык керектүү эмеректер жана жабдыктар менен камсыз болот. Имараттын курулушу жергиликтүү бийликтин сунушунун негизинде колдоого алынды. Себеби бала бакчанын жоктугу айылдын көйгөйлөрүнүн бири болуп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE