Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк Айнагүл Исмаилова жолдошу Ооган согушуна катышканын 5 жылдан кийин билген

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Шаты айылынын тургундары Нурмукамбет Эсеналиев менен Айнагүл Исмаилова. Алар 40 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатышканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Айнагүл Исмаилова үй кожойкеси, ал эми Нурмукамбет Эсеналиев Ооган согушунун ардагери. А.Исмаилова жолдошу менен көшөгө артында таанышып, ооганчы ардагер экенин 5 жылдан соң билгенин жашырбайт.

«Мен 1962-жылы Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында жарык дүйнөгө келгем. Мектепти аяктап, бир аз иштеп жүрдүм. 1982-жылы жолдошумду тааныбай эле баш коштум. Анткени ал кезде ала качуу бар болчу. Турмушубуз жакшы көз ирмемдер менен коштолуп келе жатат. Эки кыз, эки уулду тарбиялап өстүрдүк. Учурда жалпысынан 9 неберебиз бар.

Жолдошумдун бардык сапаттарын баалайм. Жаш кезекте сырга бек адам экен. Үйдө аскердик кийими илинип турчу, мен тек гана эр азаматтык милдетин өтөп келиптир деп ойлогом. Ал болсо 1979-1980-жылдары советтик армиянын катарында Оогандагы согушка катышып келген экен. Мен аны беш жылдан кийин билдим. Адегенде Ооган согушуна азыркыдай көп деле маани берилчү эмес эле. Кийинчерээк 10 жылга созулган коогалаң оор болгонун түшүнүп жатпаймынбы. Эми албетте, жолдошум жаш кезинде кээде аскердик кыялы кармачу, кантсе да аралашып калбадыбы. Ал эми азыр бири-бирибизди көз караш менен түшүнүп калдык. Кокус бир нерсе керек болсо, үйгө кирип туруп калат. Дароо эле бир нерсе керек экен деп сурап калам. Албетте, согуш жөнүндө эстейт, биз көп деле сурабайбыз, кез-кезде балдарга айтып калат. Эң негизгиси жерибизде, жалпы эле дүйнөдө тынчтык болсун», — деди Исмаилова.

40 жылдан бери бирге жашаган түгөйлөр жыл сайын 15-февралды майрам катары кабыл алып, үй-бүлөсү менен салтанаттуу белгилеп келишет. Нурмукамбет Эсаналиев өткөн тарыхты мындайча эскерет.

«15-февраль Ооган согушуна катышкан эр азаматтар үчүн жакшы күн. Бул майрамды белгилөө менен көзүбүзгө да жаш алабыз. Себеби бизге окшогон бүтүндөй советтик армиянын курамындагы жоро-жолдоштор кан-жанын аябай, айрымдары тынчтык үчүн өмүрүн берди.

Мен өзүм 1958-жылы төрөлдүм, балалыгым Арал айылында өтүп, мектепти 10-классты аяктадым. Анан өзүмдүн ата тегим жердеген Шаты айылына кайтып, бир жылча жүрдүм. Андан кийин советтик жоокерлердин катарында мен да аскердик милдетимди аткарууга 1978-жылы Түркмөнстанга жөнөдүм. Андан көп өтпөй эле Афганистанда согуш башталды. Түркмөн-Ооган чек арасына жакын болгондуктан бизди дароо эле чек араны коргоого жөнөттү. 1979-жылы 29-декабрда Герат шаарына жакын аймакка бөлүндүк. Кышкы ызгаар, ал кезде кайдагы жатакана. Талаа-түздө чатыр тигилип, ошол жакта жашадык. Күнү-түнү 5-6 кг салмактагы курал-жаракты жондон түшүргөн жокпуз. Чек ара, постторго бөлүнүп кайтардык. Маалымат боюнча, биз барган аймакта 70тей адам жашаган экен. Биз тарапка көп деле кол салуу болгон жок. Болгону бир жолу чабуул жасап, тажик аскери набыт болду. Ошентип 1980-жылы аскердик мөөнөтүм аяктап, мекенибизге кайтып келдик», — деди Эсеналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE