Пример HTML-страницы

Ысык-Атада «ЭлДан Аталык» ишканасынын 10 гектар дан эгиндери күйүп кетти. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «ЭлДан Аталык» ЖЧКга тиешелүү 20 гектар эгин талаанын 10 гектары күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ыйык, бул билдирүү саат 18:16да келип түшкөн. Жерине Ысык-Ата райондук, Кант жана Бишкек шаардык ӨКБдан жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 18:28де чектөөгө алынып, саат 18:46да өчүрүлгөн.

Өрт эгинди чабуу иши жүрүп жатканда чыккан. Жалпы 20 гектар жердин 10 гектарын чабып алууга үлгүрүшкөн.

Кырсыктан жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

  • Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «ЭлДан Аталы» агроөнөр жай комплекси» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана уюштуруучусу болуп Укубаев Туратбек Галиярович көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE