Пример HTML-страницы

Ырдыктагы дыйкандар сарымсактын эки түрүн өстүрөт. Быйыл баа жогору болоруна үмүт артып жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ырдык айыл аймагындагы дыйкандар сарымсактын эки түрүн өстүрөт. Былтыр дыйкандар сарымсакты 200 сомдон сатышты.

Ырдык айылындагы тургундардын көпчүлүгү дунган улутунун өкүлдөрү. Аталган айылды «эмгекчилер айылы» деп атап коюшат.

Айыл аймактык башчысы Медер Султановдун айтымында, Ырдык айылы боюнча сарымсак 95 гектарга эгилген.

«Картошканын түшүмү жакшы болду, бирок аларман жок. Азыр картошка 18 сомдон болуп жатат. Күздүк буудай 238 гектарга себилди. Дыйкандарга жаздык буудайдын 6 тонна үрөнү насыяга берилет. Былтыр сарымсактын бир килограммын 200 сомдон сатып өткөрүштү. Негизинен дыйкандар сарымсактын эки түрүн — ак жана кызыл сарымсак өстүрүшөт. Ак сарымсак үрөнгө жакшы, анткени баш көп болот. Ал эми кызыл дандуу келип, бир башында төрт-бештен даана болот. Бул сыртка сатыкка кетүүчү сорту. Мындан сырткары айыл эли эки түшүм алып, жайкысын ашкөк да айдашат», — деди ал.

Ал эми жергиликтүү дыйкандар өткөн жылы сабиздин түшүмү да мол болгонун айтып, быйыл сарымсактын баасы чыгарына үмүт артып турат. Алардын айтымында, малды бордоп семиртүүгө аракет көрүлүп, силос камдап жатышат. Жаз алды менен чыктуу тоют 100 гектар жерге өстүрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE