Пример HTML-страницы

Видео — Арашанда жайыт жерде мыйзамсыз курулган үйдүн жер пайы түрттүрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айыл аймагындагы жайыт жерге мыйзамсыз курулган үйдүн жер пайы аныкталды. Бул тууралуу Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«Өлкө башчынын №109 жарлыгын аткаруу максатында Арашан айыл аймагында мыйзамсыз курулган жер пайын түрттүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда Арашан айылынын жайыт жерине үйдүн жер пайын куруп, электр энергиясын тартып, чоӊ үй салып баштаган. Жүрүп жаткан курулуш толугу менен түрттүрүлүп, эми айып салуу менен иш сотко берилүүдө. Учурда тергөө органдарына өткөрүү процесси жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE