Пример HTML-страницы

Украинада январда каза болгон кыргызстандык Тимур Гатиятулин эми жерге берилди. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushУкраинада кыргызстандык Тимур Гатиятулин каза болду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-мартта Кара-Балта шаарында өттү.

Тимур Гатиятулин 1978-жылы Кара-Балта шаарында төрөлүп, №2 мектепте окуган. 2012-жылы Россияга көчүп кеткен. Ал жерде эмерек фабрикасында иштеген, таланттуу сүрөтчү болгон.

2022-жылдын ноябрында өз ыктыярчы менен Украинага барып, 2023-жылы январда каза болгон.

Тимур катардагы жоокер катары десанттык аскерлердин катарында кызмат өтөп, отряд менен бирге Угледар шаарынын (Украинанын Донецк облусунун Волновахский районундагы шаар) жанында минометтон аткыланган.

Туугандарынын чечими менен аскер кызматкеринин сөөгү кичи мекенине жеткирилип, атасынын жанына коюлду.

Ал каза болгондон кийин Россия Федерациясынын «Эрдик» ордени менен сыйланды.

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскер атташесинин улук жардамчысы Дмитрий Коломбуровдун айтымында, Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги аркылуу барган Украинадагы согушта 7 адам каза болгон (Украинадагы согуштук аракеттердин натыйжасында каза болгон кыргызстандыктар, жана сөөгү Кыргызстанга алынып келингендер. Алардын көбү Россия Федерациясынын жарандары болгон).

Азыр Ошто каза болгондордун биринин сөөгү салынган учак учуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE