Пример HTML-страницы

Turmush: Тоңдогу пляжда милициянын эскертүү тактасы дааратканага айланган жайда турат,

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу эски пляж каралбай, таштандыга толду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга эс алуучулар билдиришти.

Алардын айтымында, чечинүүчү жай дааратканага айланып, көл жээкте таштандылар жатат.

«Көл таза, жээги кум экен. Эс алуучулар дагы аз эмес. Союз кезинде атайын жасалган пляж болчу. Каралбай калганы зээнди кейитти. Мисалы, чечинүүчү жайдын ичин даараткана кылып алышкан. Милициянын эскертүү тактасы ошол чечинүүчү жайдын ичинде турат. Жээкте таштандылар жатат», — деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE