Пример HTML-страницы

Turmush: Оштогу 29,5 млн сомдук жердин менчикке өткөрүлүшү: Мэриядагы кызматкер кызматтан алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жер тилкенин жеке менчикке өтүп кетиши боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул иш боюнча Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери жумуштан бошотулду.

Ош шаарындагы Анар кичи районунда жайгашкан №8 үйдүн жанындагы жер боюнча сөз болуп жатат.

Аталган башкармалык Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, кызматкер тиешелүү буйруктун негизинде кызматтан алынды.

Буга чейин Башкы прокуратура Ош шаарындагы жер мэриянын менчигине кайтарылганын билдирген.

Тактап айтканда, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан мэриянын кызматкерлери 2021-жылы Ж.С. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, ага 29 млн 559 миң 600 сомдук жер тилкени көп кабаттуу турак үй куруу үчүн мыйзамсыз беришкендиги аныкталган.

Бул факт боюнча шаардык прокуратура мэриянын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоду.

Turmush басылмасына маалым болгондой, Ош шаарындагы Анар кичи районунда жайгашкан №8 үйдүн жанындагы жер боюнча 1989-жылы Элдик депутаттардын чечими чыккан. Анда Анар кичи районункуруу үчүн 40 гектар жер бөлүү айтылган. Аталган чечим боюнча, айтылып жактан жер көп кабаттуу үйдүн тургундарына жашыл зона — бак-дарактардын жери болуп калтырылган.

Жер тилке Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, жалпы пайдалануудагы жер болуп эсептелсе, ушул эле берененин 2-пунктунда жеке «менчикке берилбейт, убактылуу жашылдандыруу үчүн беш жылдык мөөнөткө гана берилиш керек» деп көрсөтүлгөнүнө карабай, жеке менчикке 2021-жылы берилип кеткен.

78-берене. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери

2. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, өзгөчө учурларда алар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан беш жылга чейин ижара шартында жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.

Аталган жерге иш кагаздарын даярдоодо «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Оштогу филиалынын кызматкерлери жердин профилин башкы план боюнча «жашыл бак-дарактар» деп тургандыгына карабастан расмий документке жалган маалыматтарды кошуп, «башка категориядагы жер» деп киргизип, мамлекеттик актыны даярдап беришкен.

Буга чейин 1-ноябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош шаарынын тургуну Марат Анарбаев ата-энеси ондогон жылдар бою көрктөндүрүп, жашылдандырган жер жеке менчикке өтүп кеткенин айтып чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE