Пример HTML-страницы

Turmush: Баткенде колго түшкөн Болот хандын акыркы күндөрү: Ал жашынган үңкүр (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Чаувай аймагынын Ай-Тийбес жайлоосунда Исхак Асан уулу (Болот хан) жашырынган үңкүр бар. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы ал жер боюнча маалыматтарды топтоду.

Чаувай айылындагы Бөрүбай Кулбаев атындагы орто мектептин тарых мугалими Гүлбарчын Паязбек кызынын айтымында, жергиликтүү тургундар ал үңкүрдү хандын камары деп коюшат. Азыркы учурда койчулар хандын үңкүрүн мал камоочу жайга айландырып алышкан.

«Орус баскынчылыгына каршы күрөштүн башында турган Болот хандын үңкүрү Чаувай өрөөнүн төрүндөгү Ай-Тийбес жайлоосунун күңгөй бетинде, деңиз деңгээлинен болжол менен, 2600-2700 метр бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү эл ал үңкүрдү «хандын камары» деп аташат. Полот хандын үңкүрүнүн узундугу 10 метр, туурасы 5 метр, бийиктиги 2 метрге жакын болгон. Койчулар үңкүргө мал камап жүрүшкөн. Бул үңкүрдөн белгилүү Апшыр шаркыратмасы тарапка атчан адам эч кыйналбай өтүп кетсе болот. Апшырдан ары тоо арасындагы жылга аркылуу Ноокатка аты жорго киши 5 саатта жетип барат.

Кокон хандыгы жоюлуп, ордуна Фергана облусун түзүүнү ойлогон орус падышачылыгынын баскынчылары үчүн Болот хан баштаган көтөрүлүш кекиртекке сайылган сөөктөй иш болчу. Алар менен 1875-жылы 5-октябрга ооган түнкү салгылашууда Ханабад көпүрөсүндө Болот хандын мигген аты жыгылып, өзүнүн буту сынат. Көтөрүлүшчүлөр жеңилип, Болот хан аскерлери менен тоо тарапка чегинген.

Жазуучу Төлөгөн Касымбеков «Сынган кылыч» романында хан орустарга колго түшөр алдындагы күндөрүн Чаувайдагы үңкүрдө өткөргөнүн жазат. Ал жигиттери менен баш калкалап отурган үңкүргө 20 киши кенен баткан. Тарых изилдөөчү Сүйүнбай Бөрүбаев да Болот хан Исфайрам өрөөнүндө колго түшүрүлгөнүн тастыктайт

Кышкысын Чаувай өрөөнүнүн күнгөй бетинде кар узакка жатпайт, тез эле эрип кетет. Ошол үчүн Болот хандын Чаувайдан баш паанек издеши логикалык жактан туура болгон деп ойлойм. Чаувай кыштагы Маргалаң жана Фергана шаарларына жакын. Каныкей чокусун этектеп жүрүп, Исфайрам дарыясын бойлой Чоң-Алайга кеткен эзелки жолго эт бышкандан тез жетсе болот.

Тарыхчы Ташманбет Кененсариевдин жазышынча, Чаувайдын этегиндеги Үч-Коргон кыштагында Болот хандын Музаффар-шаа деген кайын атасы болгон. Болот хан жазга чейин тыныгып, кол топтоп, күрөштү улантуу үчүн Үч-Коргонго токтогон. Үч-Коргонго орус падышасынын аскерлери кол салганда Чоң-Алайды көздөй качкан. Себеби Чоң-Алай тоолуу аймак жана анын эли хандын кошуунун колдогон. Бирок жаракатынан улам багытын Чаувайга бурган. Генерал М.Скоболев ханды кармап келүү үчүн маргалаңдык Мырзакул жана Оштон дагы бир адам башында турган 30 кишини жиберген.

  • Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романында Болот хан жазалоочу отряд карапайым элди бүлгүнгө салып жатканын угуп, өз эрки менен колго түшүп бергени жазылат.

Орус аскерлери өз ыктыяры менен багынган ханды 1876-жылы 19-февралда туткундашкан. Ал Түркстандын генерал-губернатору Кауфмандын буйругу менен 1876-жылы 1-март күнү Маргалаңдын чоң базарында дарга асылган», — деди мугалим.

Тактама:

Болот хандын (Пулат хан, Полот хан) өзүнүн чын аты Исхак Асан уулу. Ал 1844-жылы Маргалаң уездинин Охна кыштагында туулган. Кыргыз ичиндеги ичкиликтин бостон уругунан. 1873-1876-жылдардагы Кокон көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири. Атасы Маргалаңдагы ак медреседе окуткан. 1867-жылы Искак окуусун таштап, өз уругунун көчмөндөрү жашаган Сох кыштагына, кийин Охна кыштагына келет. Эл арасында болууну көксөгөн Искак Анжиян шаарында туруп калат. Соода иши менен Ташкентге келип жүрүп, ал жерден лашкер Алымкулдун пикирлерши, кыргыздын курама уругунан чыккан чаткалдык Абдымомун бек менен таанышат.

1873-жылы Кокон көтөрүлүшү башталганда эл хандыктын мураскору, Кокон хандыгын түзүүчүлөрүнүн бири Алим хандын небереси Болотту көтөрүлүштү хан катары жетектөөсүн өтүнүшкөн. Шер датка баш болгон кыргыздардын өкүлдөрү Самаркандагы Болотко барып, бирок ал баш тарткан. Алар Самаркандан кайтып келе жатып, Ташкентт Абдымомун бектин үйүнөн өңү-түсү Болотко окшогон Исхакты кезиктиришкен. Ал жерден Исхак хандын мураскору Болоттун ордуна Болот деген ысым менен хан болууга даяр экенин билдирген. Ошентип Болот хан (Исхак молдо) Чаткалда көтөрүлүшкө жетекчилик кыла баштайт. Андан кийин башка аймактардагы эл дагы аны Болот хан деп таанып, Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө кошулушкан.

Көтөрүлүштүн жүрүшүнүн экинчи этабында 1875-жылы июль айында Россия империясынын өкмөтү Болот хандын бийлигин мыйзамсыз деп таанып, Кокон хандыгынын аймагына орус аскерлерин киргизүүгө жетишкен. Генерал М.Скобелевдин кол башчылыгы астындагы орус аскерлерлинин күчү мене көтөрүлүш басылып, Кокон хандыгы жоюлуп, Фергана облусу деген ат менен Россия империясынын карамагына өткөн. Акыры Болот хан падышалык бийликтин колуна түшкөн. Убактылуу Жаңы-Маргалаң шаарындагы түрмөдө кармалып турган. Аскер сотунунн өкүмү менен Жаңы-Маргалаң шаарында 1876-жылы 1-мартта дарга асылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE