Пример HTML-страницы

Turmush: Айрым келиндер кайненесин жактырбаса, мен кайненеге зармын,

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын тургуну Майрамгүл Борбукова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Турмуш жолуна 17 жашымда аттандым. Жолдошум менен 13 жашымда «Агент» социалдык түйүнү аркылуу таанышып калгам. Жалпы 4 жылга чукул кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, анан баш кошууну чечкенбиз. Ошентип үйлөнүү тоюбуз өтүп, келиндик доор да башталды. Бирок меники башка келиндерге салыштырмалуу бир аз башкача болду. Анткени сүйүктүү жолдошумду жарыкка алып келген аялдын көзү өтүп кеткенине көп болуптур. Ошондуктан кайнененин ордун жана ким экенин билбей калдым. Айрым келиндер кайненесин жактырбаса, мен кайненеге зармын. Келин болгондон кийин бул адамдын акыл-насаатына, колдоосуна жана жол көрсөтүүсүнө муктаж болот экенсиң. Анан да чоң энелер неберелерине өзгөчө мээрим төгөрүн байкайм. Менин балдарыма да чоң эненин мээрими жетпей жаткандай туюла берет. Ошентсе да тааныш-билиштерден анын кандай аял болгондугун, жүрүм-турумун, мүнөзү кандай экендигин кайра-кайра сурай берем. Баары эле анын абдан жакшы аял болгондугун, үйгө да, эшикке да гүлдөрдү шумдук кылып өстүрөрүн, конокторду кубантып таттуулардын түрүн жасап келгенин айтып калышат. Мен дагы учурда кайненемдин жолун жолдоп, таттуулардын түрүн жасоо менен алекмин», — деди ал.

Каарманыбыз өзүнүн жакшы көргөн иши тууралуу айтып берди.

«Таттууларды жасоо өнөрү кантип өрчүгөнүн айта кетсем. Алгач Инстаграммдан башка айымдардын торт жасагандарын көрүп, аябай суктанчумун. Күндөрдүн биринде Каракол шаарындагы «Да Шеф» курсуна жазылдым. Окуу 3 жумага уланды. Ошол убакыт аралыгында көптөгөн таттууларды жасаганды үйрөнүп, сертификатка ээ болдук. Бирок бир окуганда эле баарын үйрөнүп кетпейт экенсиң. Дагы да болсо изденип, Бишкек шаарындагы онлайн курстарына жазылдым. Ошондон тарта Инстаграммда өзүмдүн жеке баракчамды ачып, акырындык менен тортторго буюртма ала баштадым. Чынын айтсам, башында аябай оор болду. Бирде таттуулар жакшы чыкса, бирде такыр окшобойт. Бирок бул кыйынчылыктарга көңүл бурбастан, алдыга карай умтулуп иштей бердим. Учурда мен жасаган торттор жакшы өтүп, кардарларым күн санап көбөйүүдө. Үйдө бекер отурбастан, кошумча акча таап жатам. Келечекте таттууларды жасай турган чакан ишкана ачкым келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Майрамгүл Борбукова жолдошу Талапкер Отунчиев менен 2 уулду тарбиялап-өстүрүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE