Пример HTML-страницы

Токмокто 1 жумада жол кырсыктан 3 адам жабыркады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында өткөн апта ичинде 2 жол кырсыгы катталып, 3 киши жабыркады.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, 18-февраль күнү Сахзавод айылындагы жолдо эки жеӊил унаа кагышып, эки адам жабыркаган. Ооруканадан алынган маалымат боюнча, алардын бири сыныктар бөлүмүнө жаткырылды.

Ошондой эле 19-февраль күнү кыргыз-казак чек ара өткөрмө пунктундагы Дунларов атындагы көпүрөдө дагы жол кырсыгы катталып, бир киши жабыркады. Дарыгерлер ал баш мээсинен жаракат алганын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE