Пример HTML-страницы

Токмок шаарына Чүй айыл аймагын кошуу демилгеси колдоо тапкан жок

Акыркы жанылыктар

TurmushАдминистративдик-аймактык реформанын алкагында Чүй айыл аймагын, Арал айылын жана дачаны Токмок шаарына кошуу сунушталган. Бирок бул сунуш колдоо тапкан жок.

Кечээ, 24-апрелде Чүй райондук мамлекеттик администрациясында жыйын өтүп, ага Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев, Чүй районунун акими Русланбек Тагаев, Чүй айыл өкмөт башчысы Калыс Самудинов жана Чүй, Арал айылдарынын, дачалардын тургундары катышты.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Жыйынтыгында Чүй айыл аймагын өзгөртүүсүз калтыруу чечими кабыл алынды.

———————

Административдик-аймактык реформадан кийин Чүй районундагы 10 айыл аймак ирилештирилип, 5 айыл аймагы түзүлгөн. Анын ичинен 2 айыл аймагы жаңы аталышка ээ болгон.

Түзүлгөн айыл аймактар:

Бурана айыл аймагы:

Бурана айыл аймагы менен Ак-Бешим айыл аймагы биригет. Ак-Бешим айылы административдик борбор болот. Аймакта 7 айыл бар.

Калкынын саны — 11590. 4 мектеп, 1 башталгыч класстар үчүн мектеп, 1 жатак мектеп, 3 бала бакча, 5 ФАП бар.

Султан Ибраимов айыл аймагы:

Кегети айыл аймагы менен Ибраимов айыл аймагы биригет. Кегети айылы административдик борбор болот. Аймакта 9 айыл бар.

Калкынын саны — 10 423. 5 мектеп, 3 башталгыч класстар үчүн мектеп, 4 бала бакча, 2 ҮДТ, 8 ФАП бар.

Биримдик айыл аймагы:

Кош-Коргон, Сайлык жана Искра айыл аймактары биригет. Кара-Дөбө айылы административдик борбор болот. Аймакта 8 айыл бар.

Калкынын саны — 11 773. 4 мектеп, 3 бала бакча, 1 ҮДТ, 5 ФАП бар.

Онбир-Жылга айыл аймагы:

Шамшы айыл аймагы менен Онбир-Жылга айыл аймагы биригет. Шамшы айылы административдик борбор болот. Аймакта 11 айыл бар.

Калкынын саны — 7972. 4 мектеп, 2 башталгыч класстар үчүн мектеп, 3 бала бакча, 1 ҮДТ, 6 ФАП бар.

Чүй айыл аймагы өзгөрүүсүз калат. Административдик борбор Чүй айылы. Аймакта 3 айыл бар.

Калкынын саны — 17537. 5 мектеп, 3 бала бакча 1 ҮДТ 8 ФАП бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE