Пример HTML-страницы

Таластык Д.Ералиева 24 жылдан бери кыздардын себин даярдап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Беш-Таш айылынын 48 жаштагы тургуну Дамира Ералиева 24 жылдан бери кыздардын себин даярдап келе жатат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ушул эле айылдын кызы.

«1992-жылы өзүмдүн айылыма келин болгом. Таенем иштүү айым болгон. Өзүмдүн апамдын дагы кол иши бар айым. Алардын жолун жолдогон, чеберчиликтерин улантып келе жаткан мен болдум десем болот. 1998-жылдан бери чеберчилик менен алектенип келем. Токуйм, курак курайм, сайма саям. Андан сырткары гүл өстүргөнгө кызыгам. Иши кылып көп нерсеге кызыгам. Бирок убактым аз. Мага убакыт жетишсиз. Жолдошум да уста. Экөөбүз тең устабыз. Мындайча айтканда үй-бүлөбүз менен иштүүбүз. Менин жолумду жолдоп, 2 кызым иштүү. Мен жасаган жумуштарыма кээ бир учурда 2 кызым жардам беришет. Эң кенже уулум 7 жашта. Ал жок дегенде теменедеги жипти өткөрүп берип турат. Айтор, баарыбыздын колубуз тиет. Жолдошум унаасы менен жеткирип берип турат. Азыр кыздын себин даярдап жүрөм. Айыл ичинде жумуш бүтпөйт. Үй оокаттары, уй саамай, кир жуумай деген майда жумуштар көп эмеспи. Бир кызым турмушта, экинчи кызым иштейт. Улуу балам окуусун аяктап, иштеп жүрөт. Калгандары мектеп окуучулары. Алар келгенче тамактарын жасап коём. Ошентип жүрүп эле кеч кирип, таң атат. Бардык иштерди бүтүрүп коюп, өзүмдүн жумушума киришем.

Бир нече жыл мурун иштеп жүрүп 6 ай акча чогултуп, электрондук тигүү машинасын сатып алдым. Азыр ошол тигүү машинасы менен киреше таап жатам. Кудай сактасын, бузулуп калып, ишимди токтотуп койгон жок.

Мага көпчүлүк учурда кыздын себине буйрутма түшөт. Июль айынан декабрь айына чейин тыным жок. Буйрутма көп түшөт. Керек болсо жакындарымдын да тоюна бара албай калган күндөр болот. Жолдошума «өзүң барып кел, мен кийин деле барып коём» деп жөнөтөм. Өтө зарыл болгон жерге бара турган болуп калсам алдын ала кардарыма түшүндүрүп айтам. Жумуш аябай көп, жетишпей жаткан учурда апам, сиңдим, кыздарым жардамдашат. Башында айтып өткөндөй кичинекей балам «жок дегенде теменеңизге жип өткөрүп берип турганга жарайын» деп жипти өткөрүп берип турат. Кээде коңшу эжени «үйдө бош отурганча акча табыңыз» деп чакыртып алам. Жаңы жылдан кийин жумуш кадыресе басаңдап калат. Ал убакта эс алып калам.

Кыздын себин ар ким ар кандай кездемеден жасатат. Өздөрүнүн табитиндеги кездемени алып келет. Айрымдары бир сыйра жасатса, кээ бирлери 5 сыйра жасатып кетишет. Бир сыйрага 1 жууркан, 2 жер төшөк, 6 олпогу кирет. 5 сыйрага 10 жууркан, 6 жер төшөк, 6 жаздык кетет. Арзаны болжол менен 28 миң сом болот. Кымбаты 80 миң сомго чейин болот. Бирок мен мынчалык кымбат баада жасабайм. Азыр жасап жаткан септи кооздоп тиге турган материалына чейин алып келиптир. Материалдын метрин эле 1,500 сомго алган экен. Бул 8 жер төшөк, 12 жаздыкча, 10 жууркан, анын ичинен бирөө 2 кишилик жууркан. Булардын баарын өзүм тигип жатам. Ошондо ар бир жаздыкчаны 150 сомдон тигип, ичин тигип, пахтасын салып берем. Жер төшөктөр да 250 сомдон, ичи менен тигилет. Жууркандары, эт төшөк менен 2 кишилик жууркандар 300 сомдон. Жууркандар майда шак менен кабылат. Азыр эл чоң шак менен кабылгандарды жактыра бербей калган экен. Ошол үчүн ар бир жууркан майда шак болуп кабылат. Канчалык шагы майда болсо, ошончолук сапаты жакшы болуп, көзгө жакшынакай көрүнөт. Ошондой эле пахтада тегиз салынат. Колумдагы ишти болжол менен 8,5 миң сомдук акчага иштеп жатам. Эгер материалы, майда-чүйдөсү баары эң жакшы, кымбат, таза материал болсо, менин жумушум да кымбат болот.

Бир кыздын себин 1 жума же 10 күн ичинде бүтүрөм. Кудайыма шүгүр, кол иштүүлүгүмдүн арты менен каражат таап келе жатам. Жолдошум ар дайым колдоп турат. Айыл ичинен гана эмес, кошуна айылдан да буйрутмалар келип турат. Иш болуп жаткандан кийин иштеп алыш керек. Ал эми эс алганда эс алыш керек. Иштегенди да, эс алганды да билиш керек.

Боз үй көтөргөнгө кызыгып жүрөм. Кудайым жаш берсе, 60 жашка чыкканда болсо да боз үй көтөрсөм деген тилегим бар. Негизи эле убактымды жөн кетирбеген аялмын. Мындайча айтканда мага убакыт жетпей калат. Жасай турган иштерим көп, бирок анын баарына убакыт жетпейт. Улуу кызым турмушта. Таене болуп, небере жетелеп жүрөм. Эми келин алсак, небере жытын жыттасак деген жакшы тилегибиз бар», — деди ал.

Дамира айым 3 уул, 3 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE