Пример HTML-страницы

Сузакта кылмыштуу чөйрө менен байланышта болгон делген киши уруп-сабоого шектелип кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак районунда уруп-сабоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Сузак РИИБге 1975-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2024-жылы 15-январь күнү сырттан тааныш болгон бала пикир келиспештиктен улам уруп-сабагандыгын айткан. Натыйжада Б.Б. денесинен алган жараатынан улам Сузак райондук ооруканасына жаткырылган.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, арыз ээси анча оор эмес дене жараат алгандыгы аныкталган.

Бул факт Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 19-март күнү Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери тарабынан кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун 1983-жылы туулган тургуну Т.Б. кармалып, КЖПКнин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Арыз ээси жана кылмыш ишине шектүү жаран кылмыштуу чөйрөнүн мүчөлөрү менен тыгыз байланышта болушкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE