Пример HTML-страницы

Оштогу аэропорттун шыбынан суу шаркырап агып жаткан видео тараган. Окуя качан болгону айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 19-майда Ош шаарында жайгашкан «Ош» эл аралык аэропортунун ичин суу каптаган видео тарады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, катуу жаандан улам аэропорттун кире беришиндеги «Ош эл аралык аэропорту» деген жазуу да кулап калган.

Ал эми аталган аэропорттун басма сөз кызматы интернетке тараган видео өткөн жылы тартылганын билдирди.

«Күтүү залында былтыр суу агып, ал толугу менен оңдоодон өткөн. Былтыркы видеолор тарап жатат. Быйыл да кошумча курулма курулду эле, ошол жерден суу акты. Ал бир сааттын ичинде эле калыбына келтирилди», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE