Пример HTML-страницы

Ошто жанынан өтүп бара жаткан кызды эч себепсиз уят сөз менен атаган жигиттин үстүнөн арыз жазылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында көчөдө жанынан өтүп бара жаткан кызды эч себепсиз уят сөз менен атаган баланын үстүнөн арыз жазылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

  • Буга чейин социалдык тармактарда ал кызга карата уят сөз айткан видеосу социалдык тармактарга тарап, талкуу жараткан. Айрымдар ага мыйзам чегинде чара көрүү керектигин айтып чыгышкан. Арадан көп өтпөй видео тарткан жигит элден жана ошол сөккөн кыздан кечирим сураган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя Ош шаарындагы Алишер Навои көчөсүндө катталган.

«Ошол эле күнү активист А.О. келип, Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал өз арызында видеодо эч себепсиз эле кызды сөккөн балага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бүгүнкү күндө окуя маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Кызды сөккөн жигит Кочкор-Ата шаарынын 2001-жылы туулгун Т.Н аттуу тургуну экени такталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE