Пример HTML-страницы

ОшМПУ чек ара аймагындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө мүмкүнчүлүк берет

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 25-мартта Ош мамлекеттик педагогикалык университетине Баткен районунун С.Кожобаев атындагы Самаркандек жатак-гимназия мектебинин мугалимдери келип, окуу жай менен жакындан тажырыйба алмашышты. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, келген коноктор алгач университеттин ректору Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болушуп, ректор Самаркандек гимназиясы өлкөдөгү өзгөчө орду бар мыкты билим уя экенине токтолуп, университет ар дайым тыгыз иштешерин билдирип өттү. Ошондой эле Б.Зулуев бир топ жылдан бери бул гимназиядан жалаң алдыңкы абитуриенттер келип, ОшМПУда билим алып жатканын кошумчалап, мындан ары Баткендин чек ара аймактарынан жана аталган гимназиядан келген социалдык абалы оор бүтүрүүчүлөр окуу жайга Жалпы республикалык тестирлөөдөн тышкары кабыл алынган музыка жана дене тарбия адистиктерине түзмө-түз бюджеттик орунга кабыл алынарын баса белгиледи.

«Жолугушууда мындан тышкары жалпы билим берүү тармагы, ЖОЖдор менен мектептердин байланышы жана бүтүрүүчүлөр боюнча сөз болду. Коноктор билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө жигердүү иштешип, анын алкагында Оштогу алдыңы мектептер жана ЖОЖдор менен тажырыйба алмашууга келишкенин белгилешти. Жолугушуудан соң мугалимдер окуу жайга саякат кылышып, университеттин окуу процесси, техникалык базасы менен жакындан таанышып чыгышты», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE