Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөр канча баллдык жер титирөөгө туруштук берет?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында курулган көп кабаттуу үйлөр жер титирөөдө 8-9 баллга чейин туруштук берет. Бул тууралуу Ош шаарынын архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Орунбек Бейшебаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр талапка жооп берет.

«Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу катуу жүрүүдө. Биздин ар бир инспекторубуз тыкыр көзөмөлдөп жатат. Курулуштагы ар бир этапты кабыл алууда негизи 3 көзөмөл болот. Алар техникалык көзөмөлдөн, автордук көзөмөлдөн жана мамлекеттик көзөмөлдөн турат. Тиешелүү кызматтар аткарылгандан кийин курулушту баштоодогу документтерге кол коюлуп, үй курууга уруксат берилет. Ошондой эле котлован казылып, көп кабаттуу үй курулуп бүткөнгө чейин биздин инспектор толук көзөмөлдөйт. Өмүр бою жоопкерчиликтүү болот», — деди Орунбек Бейшебаев.

Буга чейин Мамкурулуш агенттигинин Бишкек шаары боюнча архитектуралык-курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу Кыргызстандагы имараттар 9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере турганын айткан.

Анын айтымында, курулуш иштеринин башталышында 8-9 баллдык жер титирөө эсепке алынат.

«Экспертизанын чечими менен курулуш жүргүзүлөт. Имараттар 9 баллга чыдайт», — деген Иманакун уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE