Пример HTML-страницы

Ош шаарында эскердик кызматын жаңы баштаган жоокерлер ант беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-майда Ош шаарында Коргоо министрлигинин №36806 аскердик бөлүгүнүн жоокерлери аскердик ант беришти.

Майрамдык салтанат №36806 аскердик бөлүгүнүн саптык аянтында өткөрүлдү. Ага №01003 аскер бөлүгүнүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары, полковник Марат Мурзаканов, Ооган согушунун жана Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин төрагалары, Республикалык жоокерлер энелер комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле жаңы келген жоокерлердин ата-энелери, туугандары, аскердик бөлүктүн өздүк курамы катышты.

Жаш жоокерлер аскердик бөлүккө келген күндөн тартып 1 ай бою окуу ротасында даярдыктардан өтүп, ал жактан Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик уставтардын талаптарын, милдеттерин, курал-жарак, аскердик техникаларды колдонууну үйрөнүшкөн.

Аскердик ант берүү салтанатына келген коноктор жаш жоокерлер тарабынан даярдалган саптык, кол менен урушуу ыкмаларына күбө болушту.

Жаш жоокерлердин атынан чыгып, куттуктоо сөз сүйлөгөн катардагы жоокер Абибиллаев Эркинбек өз оюн төмөндөгүчө билдирди: «Жолдош офицерлер, урматтуу ата-энелер, ошондой эле жоокерлер, бизди ата-энелерибиз дени сак, акылдуу кылып тарбиялап өстүрүштү. Биз ушул ата-энелериздин жүзүн жер каратпай ,берген антыбызга бек туруп, татыктуу кызмат өтөшүбүзгө тилектешмин жана чакырып кетем. Баарыңыздарга аскердик ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалайм».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE